Нерв системасын бир калыпка келтирип, иммунитетти кантип көтөрсө болот?
Нерв системасын бир калыпка келтирип, иммунитетти бекемдөөчү суусундуктардын рецеби менен бөлүшөбүз.
Грек жаңгагы
Грек жаңгагынын калориясы күчтүү болгондуктан, ал сизге күч-кубат толтурганга жардам берет. Ал үчүн жарым стакан чагылган грек жаңгагын жана жарым лимонду майдалап, ага суюк, таза балды кошуп, аралашма жасап аласыз. Даяр аралашманы муздаткычка коюп, күнүнө үч маал бир чай кашыктан эки жума ичүү керек.
Жүзүмдүн ширеси
Жаңы жасалган жүзүмдүн ширесин эки чай кашыктан тамактын алдында ичүү сунушталат. Бул ширени өзүңүзгө келип, күч-кубатка толгуча ичүү сунушталат.
Ашкабактын данегинен жасалган рецепт
Жарым стакан аарчып тазаланган ашкабактын данегине төрт чоң кашык таза бал жана эки чай кашык коньяк кошуп, муну дагы күнүнө эки маал бир чай кашыктан колдонуу керек.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити