Рак адамды өзгөртөт. Ал денеге гана эмес, жандүйнөгө да терең таасир этет


Уэльс принцессасы Кейт Миддлтон рак оорусу анын жашоосун кантип өзгөрткөнүн жана физикалык, эмоционалдык абалына кандай таасир эткенин айтып берди. Анын окуясы «Heal» («Айыгуу») аттуу жаңы даректүү тасмага негиз болгонун Euronews басылмасы жазды.
«Рак адамды өзгөртөт. Ал денеге, физикалык абалга гана эмес, адамдын ички дүйнөсүнө да терең таасир этет», - деген Кейт тасманын трейлеринде.
30 мүнөттүк тасмада принцессанын оору менен күрөшү, дарылануудан кийинки калыбына келүү процесси жана жеке тажрыйбалары баяндалат. Ал рак менен күрөшүп жаткан адамдар менен да жолугушат.
Тасманын өзгөчө эпизоддорунун бири – Кейттин 2026-жылдын июнь айында 24 саат ичинде Шотландия, Англия жана Уэльстеги эң бийик үч тоого чыгышы. Бул сапар рак менен ооруган адамдарга жардам берген The Royal Marsden Cancer Charity уюмун колдоо максатында уюштурулган.
Кейт тасмада жолдошу ханзаада Уильям жана үч баласы – Жорж, Шарлотта жана Луи менен жолугушкан учурларын да бөлүшөт.
Принцесса оор сыноолорду жалгыз жеңүүгө аракет кылбоо керектигин белгилеген.











