Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Билесиңби, сүйүүнү кантип калыбына келтирсе болот?

Билесиңби, сүйүүнү кантип калыбына келтирсе болот?

27-июнь, 13:24
1 075 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биринчиден, эркектер аялдын өзүнөн эмнени каалаарын билиши керек. Эркектер көбүнчө: "Мен акча таап жатам, демалыш күндөрү үйдө өткөрөм, үй жумуштарын аткарууга жардам берем, буга дагы эмне керек?" деп ойлошот. Алар мындай нерселер аял үчүн биринчи кезекте турбайт экенин эске алышпайт. Жигиттер аялзатына биринчи орунда сүйүү турарын түшүнүшпөйт. Бирок бул жөн гана сүйүү эмес, жашоонун катмарынын ортосунда өзүнүн баалуулугун жоготпогон өтө назик жана кемчиликсиз сүйүү болуш керек.

Чыныгы иш-аракет жана жылуу сөздөр аялдын көңүлүн көтөрүп, кубаныч тартуулайт. Ал өзүн бактылуу сезет. Аялга ушундай сүйүү керек.

Экинчиден, аялдар да эркектерге ушундай эле сезимдерге муктаж экендигин эстен чыгарбашы зарыл. Эркектер үчүн да аялдарын сүйүүсү, урматтоо жана колдоосу биринчи кезекте турат. Эч ким эркекке аялындай таасир эте албайт. Эркекти бактылуу, ийгиликтүү жана ишенимдүү кылган анын аялы.

Эркектер менен аялдар бул айырмачылыктарды түшүнпөгөндүктөн ортосунда келишпестиктер келип чыгат. Мындай үй-бүлөдө уруш-талаш токтобойт.

Мунун жалгыз себеби - өзүмчүлдүк. Өзүмчүл адам үчүн өзгөнү сүйүү кыйынга турат. Аялына урмат-сый көрсөтпөгөн адам катаал мамиле жасай баштайт. Эгер күйөөсүнөн жылуулук албаса, анда ал аны урушуп, каршылык көрсөтүп, катуу сөздөрдү айтып, ортодогу мамиле начарлайт.

“Аялым мени урматтаганда, мен аны сүйүп, ага жылуу мамиле кылам" деп эркек ойлойт. Аялы: «Мени сүйбөгөн адамды мен кантип урматтайм?» дейт. Мына ушундай ойлогон түгөйлөр эч качан тил табыша алышпайт. Алар ажырашуунун ар жак, бери жагында жүрүшөт.

Бирок, ажырашуу маселе чечпейт, бул жөн гана көйгөйдөн кутулуу. Алсыздар гана качып, күчтүүлөр көйгөйдү чечүүнүн жолдорун табышат. Чындыгында, жубайлардын ортосундагы сүйүү өчпөйт, ал ар кандай себептерден улам гана күңүрт тартат. Жүрөктөрүнүн түпкүрүндө бири-бирине болгон сүйүү сакталып турат. Алар ошол көйгөйдү чечүүнүн ордуна, сүйүүнү курмандыкка чалышат. Бул такыр эле жакшылыкка алып барбайт, ортодо балдар кыйналат, жубайлар жаман абройго ээ болушат жана бир үй-бүлө кыйрайт.

Сүйүү жолунда жеңип чыккандар өзүмчүл эмес, алар эрктүүлөр. Андай адамдар бири-бирине сүйүү көрсөтө алышат. Алар сүйүүнү күтүшпөйт. Алар баардыгын жакшы жакка өзгөртүүгө аракет кылышат.

Сүйүүнү кантип кайра калыбына келтирүүгө болот?

Ачык талкуулаңыз, бири-бириңизден эмнени күтөсүз?

Каталарыңыз үчүн кечирим сурай билүү.

Эч качан жубайыңды күнөөлөбө.

Өзүңүздү жана жакшы сапаттарыңызды жубайыңызга арнаңыз.

Өзүмчүлдүктөн арылууга аракет кылыңыз.

Жубайыңызды бактылуу кылыш үчүн, өзүңүз да бактылуу болушуңуз керектигин унутпаңыз.

Заман

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер