Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бир мүнөттө күчтүү эркке жетишиңиз

Бир мүнөттө күчтүү эркке жетишиңиз

08-июнь, 02:00
840 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эрктүү адам гана эртең менен эрте ойгоно алат, эрктүү адам гана туура эмес адаттарынан баш тарта алат, эрктүү адам гана баштаган ишин аягына чыгара алат, эрктүү адам гана ар дайым акыйкатты айта алат, эрктүү адам гана өзүн өзү жеңе алат. Адам жашоосундагы баардык ийгилик жана жакшы нерселерге сабыр, аракет жана эрктүүлүк менен жетет. Бул пост кантип өзүбүздүн эркибизди машыктырууга болот, ошол жөнүндө болмокчу. 

Япондордо эркти машыктыруучу "1 мүнөт эрежеси" деген ыкма бар. Бул ыкманын талабы: сиз ар күнү бир убакытта бир ишти бир мүнөт гана жасайсыз. Мисалы, ар күнү түшкү саат 12:00дө 1 мүнөт китеп окуйсуз же физикалык көнүгүү жасайсыз же жана башка ушул сыяктуу бир ишти жасашыңыз керек. Бирок, сөзсүз 12:00дө жасашыңыз керек, 11:59да же 12:01де жасасаңыз да жарабайт, сөзсүз 12:00дө баштооңуз керек. Ушул сыяктуу 1 мүнөттө минимум үч, максимум беш ишти күнүгө бир убакытта жасоо менен сиз өз эркиңизди машыктырсаңыз болот.
 Алгач укканда аябай жеңил сезилет, 1 мүнөт... бирок, жасап баштаганда канчалык эркти талап кылганын көрөсүз. Анда эмесе сизге ийгилик!


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер