Мөмө-жемиш бактарына күзгү кам көрүү

Сентябрь – мөмө-жемиш бактары менен бадалдарды кышка камдоого аракет көрүлүүчү ай. Себеби, кийинки жылдын түшүмү быйыл жасалган иштен көз каранды.
Августтун акырында абдан кургакчылык болсо, анда мөмө-жемиш бактарын кандыра сугаруу зарыл. Эгер бактардын түбү ным болсо, сугарбоо керек. Анткени бул айда мөмө-жемиш дарактары өсүүсүн токтотуп, мөмөлөрүнүн бышып жетилүүсүн камсыздайт. Шагы ийилген бутактардын алдына бутак сынып кетпеш үчүн тирөөчтөрдү коюу кажет. Бутакка зыян келбеш үчүн бутак менен тирөөчтүн ортосуна жумшак материал салуу сунушталат.
Жерге түшкөн мөмөлөр жана жалбырактар чирип, ар кандай оорулардын жайылышына жол ачат. Ошондуктан түшкөн мөмөлөр менен жалбырактарды убагында чогултуп, чыгарып, бактын тегерегинде чирүүсүнө жол бербөө керек.
Эрте бышуучу мөмө-жемиш бактарынын түшүмү жыйналып бүткөндөн эки апта өткөндөн кийин бактын өсүүсү жанданат. Ушул учурда бактын түбүн жумшартып казып, органикалык жер семирткичтер (өсүмдүктүн чириндилери жана кык) менен азыктандырса, бактын жашарышына жакшы шарт түзүлөт. 1 чарчы метр жерге 4-5 килограмм өлчөмүндө кык же чиринди жетиштүү.
Сентябрдын башында мөмө-бактарды фосфор жана калий менен азыктандыруу алардын кыштын суугунан жапа чекпей чыгуусуна жардам берет. Бул үчүн бир түпкө 20 грамм суперфосфат менен 5 грамм калийдин тузун 10 литр сууга аралаштырып сугаруу туура.
"Азия Ньюс" гезити