Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коон аз кандуулук менен ооругандарга табылгыс дары

Коон аз кандуулук менен ооругандарга табылгыс дары

13-август, 20:30
688 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коон менен жүрөк кан тамыр ооруларын, аз кандуулукту жана унутчаактык оорусун дарыласа болот. Мындан тышкары, коон кабыл алынган антибиотиктердин зыяндуулугун жок кылып, организмди алардан коргой алат. Дарыгерлер аталган жемишти бөйрөгүндө жана заара чыгаруучу органында ташы барларга, аз кандуулук менен ооругандарга гемоглобинин көтөрүү үчүн дары катары сунуштап келишет.

Дагы кошумчалай кетсек, ал иммунитетти көтөрүп, нерв системасынын ишин тынчтандыргандан тышкары, тырмак жана чачтын түбүн бекемдейт. Эскерте кетсек, коонду башка азыктар менен чогуу бир учурда жегенге болбойт. Себеби, ал пайда тийгизе турган жерлерге зыянын тийгизет.

Баарына белгилүү орто азиялык дарыгер Ибн Сина дагы коонду дары катары колдонуп келген. Ал ашыкча салмактан жабыр тартып келгендерге күнүгө эртең менен ачкарын коондун ширесин ичүүнү же өзүн жегенди сунуштаган. Ачкарын кабыл алганда ал ичегилерди тазалап, адамды ашыкча салмактан арылтып, ичтеги курттарды айдап чыгат. Өтө таттуу болсо же тезирээк арыктоону кааласаңыз, анда теңме-тең кылып алманын ширесин кошуңуз. 

Ал эми заара түтүкчөсүндөгү ташты кетирүүдө 1 стакан коондун чагылган уругун бир литр сууга же сүткө салып 5-10 мүнөт кайнатып, бир күндө 1 стакандан үч маал 10 күн ачкарын ичүү керек. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер