Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кулпунай кайсы ооруларга даба экенин билесизби?

Кулпунай кайсы ооруларга даба экенин билесизби?

02-июль, 21:00
620 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жай мезгили – организмибизге эң зарыл болгон витаминдердин запасын топтоп алууга эң ылайыктуу мезгил. Пайдалуу витаминдердин бир булагы болуп кулпунай эсептелинет. Бүгүн биз дал ушул кулпунай тууралуу сөз кылабыз.

Кулпунай  биздин организмибизге зарыл болгон минералдардын негизги булагы болуп эсептелет. Анын курамында көп өлчөмдөгү витаминдерден тышкары темир, магний, калий, кальций, цинк, фосфор жана башка минералдык заттар бар. Орточо чоңдуктагы бир лимондо канча С витамини бар болсо, кулпунайдын беш даана мөмөсүндө да дал ошончо С витамини бар. Бул витаминге каныккандыгы жагынан кулпунай жемиштердин арасынан кара карагаттан кийинки экинчи орунда турат. Ал эми курамындагы фолий кислотасы боюнча жүзүм менен малинанын алдында. Андыктан, күнүнө бир нече даанадан кулпунай жеп, иммундук системаңызды, жүрөк булчуңдарыңызды бекемдеп алсаңыз болот.

Кулпунай кайсы ооруга даба? Кулпунайдын пайдалуу касиети катары анын тамак сиңирүүгө жакшы таасир этип, табитти жакшырткандыгын, заара кубалоочу касиетке ээ экендигин айтууга болот. Ал организмди тазалайт, курамындагы антиоксиданттын эсебинен картаюу процессин жайлатат. Элдик медицинада бул жемишти аз кандуулукта, гипертонияда, атеросклероздо кулпунайдын маңызы дары катары колдонулат. Аны даярдоо татаал эмес: 50 грамм кулпунайдын үстүнө 200 мл кайнак суу куюп, демдеп коюу керек. Эки сааттан соң суюктукту бөлүп алып, күнүнө 3-4 жолу 50 граммдан ичүү сунуш кылынат. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер