Мавлян Аскарбеков, оппозиционер: “Жогорку Кеңеште коррупционерлердин балдары отурушат...”
-- Мавлян мырза, өткөндө социалдык тармакка жаш саясатчы, активисттердин чыныгы жүздөрү ачыларын жаздыңыз. Алар кимдер?
-- 2005-жылдан бери коомдук саясый иштерге аралашып жүрүп, жаштардын бир тобу партияларды, ар кандай уюмдарды иритип-чиритишип, ичинен талкалашты. ИИМге, бири УКМКга “крыса”, “шестёрка”, “сексот” болуп иштешип, эки тарабынан тең акча алышып, саясаттын да, жаштардын да кадырын кетирип жүргөндөрдү көп көрдүм. Тилекке каршы, азыр дагы ошондой иштер менен алектенгендер абдан көп. Кооз сүйлөп, патриоттой түр көрсөтүп, коомчулукка жаш саясатчыдай таасир калтырууга далбас урушат. Айрымдары аянычтуу көрүнүп, түрмөгө отуруп чыга калышат, бирок баягыдай эле “сексот”, “крыса”, “шестёрка” болуп иштей беришет экен. Аттарын атабай эле коёюн, анткени алар өздөрүнүн жүздөрүн өздөрү эле ачыктап жатышат.
Кыскасы, түркүн видео кайрылууларды жасашып, кечээ оппозицияда жүргөндөй таасир калтырышып, бийлик башындагыларга оозго алгыс, маданиятсыз сөздөрдү сүйлөшүп, а бүгүн багытын өзгөртүшүп, таптакыр башкача сүйлөшүп, мактап жаткандарга баарыбыз күбө болуудабыз. Дагы далайынын жүзүн көрөбүз. Аныгында коомчулук буларды ажыратып тааный албай жатышат. Элибиз принципсиз, ыймансыз, адепсиз, конъюнкту́рага ылайыкташкан жаштардын дагы далайын көрөт.
-- Салык кызматынын башчысы менен бир катар жетекчилер кармалып, ири коррупциялык иштер ачыла баштады. Коррупционерлерди кызматка тарткандарга дагы чара көрүлүшү керекпи?
-- Салык кызматы акыркы эки жылда эл арасында чоң нааразычылыктарды жаратты. Салыктын, айып пулдун түрлөрү элди кыйнап бүттү. Эл чынында кыжырданып жатат. Ага карабай “салык жылдагыдан көп чогулду” деп президентке маалымат беришүүдө. Ошол эле учурда бир нече салыкчылар миллиарддаган каражаттарды уурдап жатканын, орун басары башчысы менен кошо УКМК тарабынан камалганына күбө болуп атабыз. Андан тышкары, көптөгөн мамлекеттик кызматкерлер, ири саясый кызматты ээлегендер деле коррупция менен кармалышууда. Бирок, коррупционерлерди кызматка алып келип койгон министрлер кабинетинин башчысы жоопкерчиликти тартпай жүрүп, акыры арыз жазып кетти...
-- Коррупция боюнча талкуу болуп жаткан мыйзамды алсак, келечеги барбы?
-- Кыргыз мамлекетинде коррупцияга каршы мыйзамдар акыркы 30 жылда жүзгө жакын кабыл алынган. Эң чоң документ 2003-жылы коррупцияга каршы күрөштү күчтөндүрүү үчүн эл аралык конвенцияда кол коюлганы белгилүү. Андан кийин дагы ондогондорун айтсак болот. Биз көрүп-билип жаткандай, баардык жерде коррупция. Ал мыйзамдар эч кандай иштеген жок. Эң башкысы, Жогорку Кеңеште коррупционерлер жана издөөдө жүргөндөрдүн балдары отурганда, өздөрүнө каршы кандай мыйзамдарды кабыл алышмак эле? Мен бул мыйзамды элди алдоо, алаксытуу катары билем. Бул мыйзамдар пиар үчүн эле жазылып аткандай таасир калтырат. Себеби, Жогорку Кеңеште кечээги коррупционерлердин балдары отурушат. А жакта бүгүнкү “ууру-кескилердин” да отурганын көрүп жатабыз го...
-- УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айткан коррупционерлердин башчылары ким?
-- Камчыбек Ташиев “Биз коррупция менен күрөшүп бүтө албай жатабыз. Биринин башын чапсак, башкасы чыгат” деди. Менин оюмча, Камчыбек Кыдыршаевич министрлер кабинетинин башчысынын жоопкерчилигин карай турган мезгил келгенин кыйытты. Жаңы жылда профессионалдуу, принципиалдуу жаңы муундан түзүлгөн өкмөт келиши керек. Коррупционерлердин башчысынын жоопко тартылышы – замандын талабы. Ташиев мырза ошону эртелетиши керек.
"Азия Ньюс" гезити