Гармонияда жашоонун кандай сырлары бар?


“Гармония” деген сөздүн мааниси абдан сонун экен. Бул сөздү түшүнүп эле калбастан жашообузда колдоно билсек, бактылуу экенибизди сезбей коё албайбыз.
Гармонияда жашоо – бул:
-- жакшы адамдардын бар экенине ишенүү жана бизди сүйбөгөндөр да боло турганын эске алуу. Бул чындыкка кыйналбай моюн сунуу;
-- жүрөгүң менен эч кимге же эч нерсеге байланбоо;
-- жакшы жана жаман сөздөн көз каранды болбоо;
-- жаныңда болгусу келбеген жана сүйлөшүүнү каалабаган адамга таарынбоо. Жөн гана туура түшүнүп өз эркине коюп, коё берүү;
-- эч кимден эч нерсе күтпөө жана бизге тирүү үмүт берген Жаратканымдан күч алып жашоо;
-- ар бир майда нерсеге ыраазы болуу жана рахмат айтуу;
-- ишенбеген адамга актанбоо жана чындыкты далилдейм деп убара болбоо;
-- биз менен ою бир боло албаган адамды жек көрбөө жана алардын оюн дагы урматтай билүү;
-- таарынычты жүрөктүн тереңине киргизип тамырлатып албоо жана бат кечирүүгө үйрөнүү;
-- ар бир жакшы нерседен рахат алып жашоо;
-- жаратылышка жана өзүбүзгө суктануу. Бар болгонубуз үчүн Кудайга ыраазы болуу.










