Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баклажандын ден-соолукка пайдасы көп экенин биле жүрөлү

Баклажандын ден-соолукка пайдасы көп экенин биле жүрөлү

29-июнь, 17:27
170 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Баклажан тамак сиңирүүнү жөнгө салып, бездердин жакшы иштешине жардам берет. Ошол эле учурда организмдеги ашыкча холестеринди айдоочу дагы функцияны аткарат. Жашылчаны мындай максатта пайдаланууну каалагандар аны консерва түрүндө же дымдалып бышырылган абалда көп жегени жакшы. 

Баклажандын ширеси да баалуу каражат болуп саналат. Аны элдик медицина атеросклерозго каршы, жүрөк-кан тамыр жана ичеги-ашказан ооруларынын алдын алуу максатында колдонууну сунуштайт. Бул үчүн жаңы бышкан бир баклажандын кабыгын аарчып, шире сыккычтан өткөрүп туруп, табигый бойдон ичип коюу керек. 

     Аталган жашылчанын айымдардын кош бойлуу мезгили үчүн да маанилүү жагы бар. Тагыраагы, ал бул маалда адамдын кан айлануусун жакшыртат жана иммунитетин көтөрөт. Болгону мындайда аны сууга бышкан же дымдалган түрдө жеш керек, ал эми куурулган абалда жегенде кош бойлуу айым аны аш кыла албай калышы толук мүмкүн.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер