Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үйдө терс энергиялар көбөйгөнүн кантип билсе болот?

Үйдө терс энергиялар көбөйгөнүн кантип билсе болот?

30-март, 22:12
1 046 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Акыркы учурда көп нерседе ишиңиз жүрүшпөй жатабы, айланадагы адамдар менен тил табыша албай, башыңыз ооруп жүрөбү? Алардын себеби сиздин үйдөгү терс энергия дагы болуп чыгышы ыктымал.  

     Тескери энергия – бул ар кандай эски, кир буюмдардын көп топтолуп калышынан, үйдө уруш-талаштын адаттан тышкары ашыкча болушунан, ниети жаман адамдын туура эмес көз карашта кароосунан, башкача айтканда, көзү тийгенинен же үй ээлеринин ар кандай жаман иштерди көп жасашынан дагы улам келип чыгат экен. Кээ бир турак жайлар өздөрү эле эскирип, бузууга туура келгендиктен анда терс энергия көбөйөт. Төмөндө мындай үйдүн белгилери кандай болоруна көз жүгүртүңүз!

     1. Үйгө келген конокту сүйбөй каласыз. Үйдүн ичиндеги терс энергия баардык жандууларга карата эч себепсиз эле тескери мамиле жасоого түртөт. Мындай абалдан улам сиз айлана-чөйрөнүн баарын кара түстө көрөсүз.

     2. Уйкуңуз бузулуп, жаман ойлорду көп ойлой баштайсыз. Аны чечүүгө аракет кылып, ойлонуп-толгонуп атып араң уктайсыз.Түн ичинде ар кандай шыбыштан ойгоно бересиз. Эптеп уктаганда коркунучтуу түштөр кирет.

     3. Үйүңүздүн чачылганын иреттей албай эле убара боло бересиз. Мурда баарын бир саатта жыйнап салсаңыз, эми күн сайын жыйнасаңыз да иреттелбегендей боло берет.

4. Сиз өзүңүздү башка адамдар менен салыштырып жана башкаларга эч себепсиз эле ичиңиз күйө берет. Элде сизде жок нерселер бар экенин байкайсыз. Башкалардын ийгилиги сиздин көзүңүздү күйгүзүп, жан дүйнөңүзгө бүлүк салат.

     5. Депрессияга батып, жүрөгүңүз кысылат. Күн жаайбы, ачыкпы, майрамбы же иш күнбү сизге баары бир – маанайыңыз чөгүп турат. Жакшы маанайда келип, үйгө киргенде капа боло баштасаңыз – турак жайда тескери энергиянын көбөйгөнүнүн белгиси.

     6. Эч нерсеге үлгүрбөй баштайсыз. Мурда жазап жүргөн ишиңиздин баарын убагында аткара албай каласыз. Башаламандыктан башыңыз айланып эмне кыларды билбей каласыз.

Бул белгилерди карап көрүп, үйдү жана жандүйнөңүздү да тазартууга аракет кылыңыз. Жараткандан жакшылыктарды сураңыз. Дайыма турак жайды таза кармап, таза кийинип, ойлоруңузду да тазартып жүргөнгө аракет кылыңыз! Бара-бара үйдөгү терс энергиядан арыласыз!

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер