Медиктер кыш мезгилинде организмди колдоо боюнча кызыктуу сунуштарды айтышты


Суук түшкөн мезгилде, айрыкча ОРВИ жана грипп сыяктуу жугуштуу оорулар күч алган учурда иммунитетти организмди вирустардан, бактериялардан жана башка бөтөн таасирлерден коргогон табигый калканды сактоо өзгөчө маанилүү. Бишкек шаардык Ден соолукту чыңдоо борборунун адистери иммундук системаны колдоонун жолдору тууралуу эскертти.
«Биз көбүнчө иммунитет адамдын дене-бой абалына гана байланыштуу деп ойлойбуз. Чынында болсо организм – бул өз ара тыгыз байланышкан бирдиктүү система. Эмоционалдык абал, жашоо образы, тамактануу, ал тургай адамдар менен болгон карым-катнаш да ооруларга каршы туруштук берүү жөндөмүнө түздөн-түз таасир этет», -- дешет адистер.
Дарыгерлер иммунитетти бекемдөөгө жардам бере турган, көп учурда көңүлдөн сырт калып келген маанилүү сунуштарды да белгилешти:
Стрессти көзөмөлдөңүз
Иштен, машыгуудан же тынымсыз ой жүгүнөн улам пайда болгон ашыкча чарчоо организмди алсыратат. Узакка созулган стресс иммундук системанын ишин олуттуу түрдө төмөндөтөт.
Көбүрөөк баарлашыңыз
Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, жылуу социалдык байланышы бар адамдар турмуштук кыйынчылыктарды жеңилирээк көтөрүп, ооруларга азыраак чалдыгышат.
Позитивдүү ой жүгүртүүнү өнүктүрүңүз
Оптимизм – бул табигый касиет гана эмес, машыгуу аркылуу калыптандырууга боло турган жөндөм. Ал организмге физикалык жана эмоционалдык жүктөрдү натыйжалуу жеңүүгө жардам берет.
Ар түрдүү жана ырахаттануу менен тамактаныңыз
Түстүү жашылча-жемиштер ичеги-карындын саламаттыгын колдойт, ал эми ичегинин абалы иммунитет үчүн абдан маанилүү. Тамак-аш канчалык ар түрдүү болсо, организмге тийгизген пайдасы да ошончолук жогору.
Витаминдерди туура кабыл алыңыз
Кыш мезгилинде организмге айрым витаминдер жана микроэлементтер жетишпей калышы мүмкүн. Ошондуктан кошумча витаминдерди дарыгердин кеңеши менен кабыл алуу сунушталат.
Кыймылсыз калбаңыз
Дайыма физикалык активдүү болуу жүрөк-кан тамыр системасын, булчуңдарды бекемдеп, көптөгөн оорулардын алдын алууга көмөктөшөт.
Толук кандуу эс алыңыз
Уйкунун жетишсиздиги иммунитеттин эң чоң душмандарынын бири. Жетиштүү жана сапаттуу уйку организмдин калыбына келишине жана ооруларга каршы туруусуна шарт түзөт.











