Эгер музыка, сүйүү жана спорт болбогондо, менин жашоом жөн гана куру кыялга айланып калмак


Сууда сүзүү – бул спорт эмес. Бул сууга чөгүп кетпөөнүн ыкмасы.
(Джордж Карлин)
Бизнес – бул спорт менен согуштун айкалышы.
(Андре Моруа)
Бокс бул искусство. Калгандарынын баары спорт.
(Петр Квятковский)
Мен спортту жакшы көрөм – бул мендеги эң жакшы сапат.
(Александр Лукашенко)
Спорт спортчуну оорулуу, күйөрманды келесоо кылат.
(Константин Мелихан)
Америкада элдин башын айландырган апийим – бул спорт.
(Рассел Бейкер)
Спорт мени күчтүү болгонго үйрөттү.
(Алина Кабаева)
Мен спорттун шарапаты менен узак жашадым деп ойлойм. Себеби, дегеле спорт менен машыкпадым.
(Уинстон Черчилль)
Өспүрүмдөргө кеңеш: баңгизаттан эмес, спорттон ырахат алгыла!
(Джордж Карлин)
Эгер сен спорттун кайсы түрү менен машыгарыңды айтсаң, мен сага кайсы өлкөнүн колониясы болгонуңарды айтып берем.
(Фидел Кастро)
Эгер адам жолборсту өлтүргүсү келсе, бул спорт деп аталат, а эгер жолборс адамды өлтүргүсү келсе, бул канкорлук деп аталат.
(Бернард Шоу)
Эгер сен спорт менен машыкпай, ичип эле жүргөн болсоң, билип кой, жакында аракеч болуп кетесиң.
(Андрей Князев)
Ышкыбоздук спорт – бул ойноп жашоо. Профессионалдык спорт – бул жашоо менен ойноо
(Стас Янковский)
Бокста спорт менен дене тарбиянын айырмасы: спортчулар боксташат, а дене тарбиячылар мушташышат.
(Геннадий Москвин)
Жүрөктүн оорусун алкоголь менен баскандын ордуна музыка жана спорт менен айыктырыш керек.
(Петр Квятковский)
Спорт – бул коомдун кичинекей моделинин жана адам моделинин үлгүсү.
(Дмитрий Зеленин)
Спорт баардык жаман адаттардан арылууга жардам берет.
(Жан Поль Бельмондо)
Келесоо келиндердин келжирек сөздөрү да, менимче, спорттун олимпиадалык түрүнө кирет.
(Николай Фоменко)
Өзүн толугу менен спортко арнаган спортчу гана жеңишке жетишет.
(Татьяна Соловова)
Эгер музыка, сүйүү жана спорт болбогондо, менин жашоом жөн гана куру кыялга айланып калмак.
(Петр Квятковский)
Спортто ата-даңк келет да кетет, ал эми көзүңдүн көгөргөнү менен этиңдин ооруганы калат.
(Геннадий Москвин)
Адамдардын көбү жеңишке эки кадам калганда багынып бергени үчүн гана жеңилип калышат.
(Саймон Хартли)
Улуу олимпиадачыларды гана спортсмен санагандар жаңылышат. Ар бир адам спортчу. Денең, жаның барбы – сен спортчусуң.
(Фил Найт)
“Барабаныңды таштап, скрипкада ойно” дегендерди укпай эле койгула.
(Жозе Моуриньо)
Эгер сен мыкты болгуң келсе, башкалар жасай албаганды жасашың керек.
(Майкл Фелпс)
Жеңиш дайыма эле биринчи орунду ээлегендикти билдирбейт. Марага өкүнбөй жетсең – ошол чыныгы жеңиш.
(Аполо Антон Оно)
Эң кыйын күндөр – эң сонун күндөр, анткени, чемпиондор ошол кыйын күндөрдө жаралат.
(Гэби Дуглас)
Денени эле эмес, акыл-эсти да машыктырыш керек.
(Венус Уильямс)
Ар бир чемпион качандыр бир кезде ышкыбоз болгон.
(Гэби Дуглас)
Эч качан өзүңөрдүн кыялыңарга курактык чектөө койбогула.
(Дара Торрес)
Өзүңдү жакшы сезген күндөрү гана иштесең, сен турмушта эчтекеге жетише албайсың.
(Джерри Вест)
Эгер акырына чейин барганга белсенбесең, анда жолго чыккандын эмне кажети бар?
(Джо Намат)











