Оору менен өлүм бизге өлбөс эмес экенибизди эскертип турат


Адам көп себептерден улам ооруйт: айрымдар суук тийип ооруса, айрымдар чарчоодон, кайгы-кападан ооруйт.
(Конфуций)
Окшош оору адамдарды окшош көз карашка караганда да көбүрөөк жакындаштырат.
(Роберт Лембке)
“Фаина Георгиевна, ооруп турасызбы?” деген суроого Раневская адатта “жок, өзүмдүн өңүм ушундай” деп жооп берчү.
(Фаина Раневская)
Сенин айыгып кетишиңди каалаган, күткөн адамдар бар экенин билсең, ооруган да жагымдуу.
(Антон Чехов)
Менин эң жакшы көргөн оорум – бул кычышкак: тырмансаң ого бетер тырмангың келет. Эң жаман көргөн оорум – геморрой: же өзүң көрө албайсың, же башкаларга көрсөтө албайсың.
(Фаина Раневская)
Эгер кайсы бир ооруга өтө эле көп дарыны сунуш кылышса, демек, бул айыкпай турган оору.
(Антон Павлович Чехов)
Азыр диагностика ушунчалык жогорку деңгээлге жетти, соо адамдар дээрлик калбай калды.
(Бертран Рассел)
Урмат-сыйды сенаторлор менен окумуштууларга эле калтыргыла. А менин мүрзөмө болсо “силерге мен оорулуумун деп айтпадым беле” деп эле жазып койгула.
(Том Уэйтс)
Врачтын ооруганы дайыма бейтаптын ооруганына караганда оор болот; бейтап ооруганын жөн гана сезсе, врач өзүнүн организми кыйрап баратканын билип турат. Мындай учурда билимди “жакындап келаткан өлүм” деп эсептесек болот.
(Максим Горькийдин Чехов тууралуу айтканы)
Эч нерсени алдын ала билип болбойт. Аябай оорулуу киши соо кишиге караганда көбүрөөк жашашы мүмкүн.
(Эрих Мария Ремарк)
Убакыт баарын дарылайт. А эгер убакыттын өзү оору болсочу?
(“Берлиндин асманы” фильминен)
Сен катуу ооруп калган кезде сага эмес, сени сүйгөн адамдарга кыйын болот.
(Уэйд Уилсон)
Эң коркунучтуу оору – бул биз өзүбүздү соо сезген оору.
(Лорен Оливер)
Узакка созулган оорудан кийин сен өзүңдү врач сезе баштайсың.
(Кытай накылы)
Адам өз оорусун тандабайт, бирок, ал стрессти тандайт, стресс болсо ооруну чакырат.
(Ирвин Ялом)
Биздин планетабыз ооруп калды, ага оор операция керек.
(Элис Сиболд)
Кээ бир дарылар оорудан да жаман.
(Саймон Грин)
Эгер сиз чыныгы тозок кандай болорун билгиңиз келсе, ооруп, төшөктө жаткан балаңыздын көзүнө караңыз. Мындайды эч кимдин башына салбасын...
(Чингиз Абдуллаев)
Оору бар кезде коркуу гана эмес, үмүт да болот.
(Сэмюэль Батлер)
Эшигиңди жарды-жалчыларга ачпасаң, анда врачка ачканга туура келет.
(Еврей накылы)
Таарынычтан арылсаң, оорудан да айыгасың.
(Бахтиев Мелик оглы Мамедов)
Дарыны ооруп айыккан кишиден сура.
(Грузин накылы)
Ким ооруп калам деп корксо, ал коркуу илдети менен “ооруп” калыптыр.
(Милешь де Монтень)
Сен мага эмне жээриңди айтсаң, мен сенин эмне менен ооруруңду айтып берем.
(Гиппократ)
Эсиңде болсун, өлүм бул пластырь, же аспирин менен айыктыра турган оору эмес.
(Павел Корнев)
Коркуу адамды алсыратып, аны оорулардын азуусуна салып берет.
(Парацельс)
Өзүңдүн жашооң тууралуу тыянак чыгарба. Эмне жакшы, эмне жаман экенин сен эч качан билбейсиң. Бактысыздык да жакшылык болуп калышы мүмкүн, оору да жакшылык болуп калышы мүмкүн.
(Архимандрит Андрей Конанос)
Оору менен өлүм бизге өлбөс эмес экенибизди эскертип турат.
(Ракеш Чадана)
Катуу ооруну, оор сыноолорду баштан өткөргөн адам гана жашоо канчалык керемет экенин түшүнөт.
(Хисон Нам)
Эч качан оорубаган киши ден соолуктун баркын билбейт.
(Башкыр макалы)
Оору менен өлүм бизди жашоону, өмүрдү баалоого үйрөтөт.
(Эльчин Сафарли)
Оору болбогондо биз ден соолуктун, кырсык болбогондо бейпилчиликтин, ишенимсиздик болбогондо ишенимдин, өлүм болбогондо өмүрдүн баркына жетмек эмеспиз.
(Аид аль-Карни)











