Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камчыбек Ташиев: “Тажикстанга катуу жооп беришибиз зарыл”

Камчыбек Ташиев: “Тажикстанга катуу жооп беришибиз зарыл”

14-февраль, 22:04
5 322 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Айта берип тил тешилди” демекчи, бийлик ээлерине көптөн-көп кайрылып, суранып келдик. Чек ара маселесин чечүүдө чечкиндүүлүккө, айкындуулукка жана жергиликтүү элдин талабын эске алып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек экендигин. Мына эми Тажикстандын атайын бийлик өкүлү биздин мамлекеттүүлүгүбүзгө шек келтирген сөздөрдү официалдуу жыйында билдирүү жасап олтурат. Бул жорукту шылдың катары кабыл алышыбыз керек жана тийешелүү катуу жоопту беришибиз зарыл.
Жерге-Тал, Мургаб -- Кыргызстандын айылдарын, жер аянттарын кайтарып алуу боюнча иш аракеттерди баштайлы, Тажикстандын элчисин кайтарып жөнөтүш керек, баардык байланыштарды (саясый, экономикалык, достук) токтотуу зарыл. 
 Урматтуу президент, менин сунуштарымды эске алып, чечкиндүү кадамдарды таштаңыз, кашык каныбыз калганча мамлекетибиз үчүн туруп беребиз! Элибиз мындан да опурталдуу кыйынчылыктарга чыдаган, бирок мамлекетибиздин бүтүндүгүнө сырттан шек келтирүүгө жол бербей келген, Кыргызстаныбызды шылдыңдаганы үчүн жооп берсин!

Камчыбек Ташиевдин Фейсбуктагы баракчасынан алынды

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер