Акыркы кабарлар
» Кеменгер кеп » Күз мезгилиндеги эң пайдалуу жемиштер
Күз мезгилиндеги эң пайдалуу жемиштер
16-сентябрь, 16:33


Азыр күздүн башталышы. Дал ушул учурда жергиликтүү жемиштер эң пайдалуу болот. Анткени алар жаңы үзүлгөндүктөн витаминдерге жана минералдарга өтө бай келет эмеспи.
Алма – организмди тазалайт, кан басымды жөнгө салат, иммунитетти бекемдейт.
Алмурут – ашказанга жеңил келип, боорду жана бөйрөктү чыңдайт.
Жүзүм – кан айланууну жакшыртат, жүрөккө жакшы.
Алхор (слива) – ичеги-карын ишин оңдойт, темирге бай.
Өрүк (кургатылганы да) – жүрөккө пайдалуу, сөөктү чыңдайт.
Карагат, долоно, итмурун – С витаминине абдан бай, суук тийүүдөн сактайт.
Эң негизгиси, сырттан келген эмес, өзүбүздүн жаңы бышкан жемиштерди колдонуу пайдалуу.
"Азия Ньюс" гезити











