Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Достук бизге жаман иштерге эмес, жакшылыкка шерик болуш үчүн берилген

Достук бизге жаман иштерге эмес, жакшылыкка шерик болуш үчүн берилген

26-август, 23:40
974 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Достошконго чейин сында, достошкон соң ишен.

(Луций Анней Сенека)


Бир адам өлүп бараткан жерде эки адам бири-бирин сактап калышы мүмкүн.

(Оноре де Бальзак)


Досту узак мезгил издеп, кыйынчылык менен табабыз. Достукту сакташ андан да кыйын.

(Публий)


Өзү жакшы дос болгон кишинин достору да жакшы болот.

(Никколо Макиавелли)


Сен жаман мамиле кылсаң деле таштап кетпеген дос – чыныгы дос. Жакшы мамиле кылган учурда сага баары эле дос болот.

(Марк Твен)


Бийлиги, байлыгы сага тең болбогон киши менен достошпо.

(Конфуций)


Үйүңдүн көркү – сага келип турчу досторуң.

(Р.Эмерсон)


Чыныгы сүйүү аз кездешкен сыяктуу чыныгы достук андан да аз кездешет.

(Ларошфуко)


Чыныгы дос башыңа иш түшкөндө билинет.

(Эзоп)


Эгер ичиндегисин ачык көрүшкөндө адамдар бири-биринен качышмак.

(Имманулил Кант)


Адамдардын ортосунда бири-бирине сүйүү жок болгон жерде бири-бирине жек көрүү пайда болот.

(Мо-Цзы)


Эгер андан пайдалуу бирдеке уксам мен 20 миль жол басып, айыгышкан душманыма деле барып жолукмакмын.

(Готфрид Вильгельм Лейбниц)


Кемчилиги жок дос издеген кишинин досу аз болот. Досунун ар бир кемчилигине нааразы болгон кишинин душманы көп болот.

(Абу Хамид аль-Газали)


Достукту өлтүрбөгүлө! Досторду унутпагыла!

(Михаил Булгаков)


Душманыңа карыз берсең дос табасың. Досуңа карыз берсең, аны жоготосуң.

(Бенджамин Франклин)


Эгер сен алыс баргың келсе, жолго досуң менен чогуу чык.

(Стив Джобс)


Өзүңөн мыкты адам менен дос бол. Кыйын болот, бирок өскөнүңө жакшы.

(Вера Полозкова)


Чыныгы дос сен айта элек сөздү да уга алат.

(Марк Леви)


Өзүмө окшош кишини таба албасыма көзүм жеткен соң, мен бирөөлөр менен достошконду койдум.

(Курт Кобейн)


Достук бири-бирине татыктуу кишилерди гана бириктирет.

(Марк Туллий Цицерон)


Мага мен али окуй элек китепти белек кылган киши – менин эң жакын досум.

(Авраам Линкольн)


Чыныгы достукта көралбастык болбойт.

(Франсуа де Ларошфуко)


Эң терең достук эң айыгышкан душмандыкты пайда кылат.

(Мишель де Монтень)


Эркек менен аялдын ортосундагы достук эркектин аброюн жогорулатпайт, аялды болсо намысынан ажыратат.

(Артур Конан Дойл)


Асыл таштын баары эле алтын менен күмүш эмес, достум!

(Джонни Депп)


Достук бизге жаман иштерге эмес, жакшылыкка шерик болуш үчүн берилген.

(Марк Туллий Цицерон) 


Жалпы жек көрүү эң бекем достукту пайда кылат.

(Публий Корнелий Тацит)


Жаман адамдардын достугунан, жакшы адамдардын кастыгынан сак бол!

(Эпиктет) 


Жаш курак төрт нерседе өзгөчө байкалат: карт дарак отко жакканда, эски достор ишеним артканда, эски авторлор китептерин окуганда.

(Фрэнсис Бэкон)


Бир акылдуу кишинин достугу акыл-эси жок баардык адамдардын достугунан өйдө.

(Демокрит)


Күнүгө көрүп жүргөн кишилер менен достукта жашаш үчүн аларга үч айдан бери жолугуша электей мамиле кылыш керек.

(Жюль Ренар)


Эркек киши достукту футбол тобундай кылып тепсе да бүтүн бойдон калат. Аялдар достукка айнек идиштей этият мамиле кылышса да ал бир күнү сынат.

(Энн Линдберг)


Падышалардын достугуна ишенбеш керек. Алардын достугу бир эле шек саноодон жок болот.

(Саади)


Мамат Сабыров
 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер