Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өлүм деген нерсе жок. Эки дүйнөнүн ортосундагы өтмөк гана бар

Өлүм деген нерсе жок. Эки дүйнөнүн ортосундагы өтмөк гана бар

09-февраль, 09:00
1 171 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Душманым күчтүү, коркунучтуу болсун. Ошондо мен аны жеңгениме уялбайм.

Билимге эмес, даанышмандыкка умтул. Билим – кечээки күн, даанышмандык – эртеңки келечек.

Адам өз жебесин өзү жасашы керек.

Өлүм деген нерсе жок. Эки дүйнөнүн ортосундагы өтмөк гана бар.

“Ал” деген бир сөз “мен берейин” деген эки сөзгө караганда жакшыраак.

Бөтөлкө кармагандардын көбү көз жумду...

Диндердин баары Кудайга алып барчу тепкичтер.

Караңгыда мышыктын баары кабылан болуп көрүнөт.

Отунуңдун баарын бир отко таштап салба.

Жакшы жоокерден жакшы чалгынчы чыкпайт.

Кубаныч тайыз, кайгы терең.

Калпычыны уккан кайнак суу ичкендей эле кеп.

Жоруну эмес, бүркүттү туура.

Алыста турганда баатыр болуш оңой.

Адам баласына бийлик эмес, жоопкерчилик берилген.

Адам жаратылыштан алыстаган кезде анын жүрөгү ташка айланат.

Биз баарынан төмөн, бирок таштан да катуу суу сыяктуу болушубуз керек.

Чыныгы тынчтык адамдардын жүрөгүндө экенин түшүнмөйүнчө, элдердин арасында тынчтык болбойт.

Бизди калтырган изибизге карап эскеришет.

Кудайдан коркпогон киши баатыр эмес.

Даанышмандык качан гана Кудай көрсөткөн жолдо жашай баштаганда келет.

Аксак түлкүнү көргөндө картаң коён ыргыштап калат.

Ачка киши карышкырдан да тамак талашат.

Эки жүздүү кишини эки жолу караш керек.

Жаштыкты баала, карылыкка ишен.

Индеец душманынын баш терисин сыйрыса, ак кишилер досторунун терисин шылыйт.

Уламыш өлүп, кыялдар жоголгон кезде бул дүйнөдө улуу эчтеке калбайт.

Жакшы адам жакшы белгилерди көрөт.

Душмандын баары душман эмес, достун баары дос эмес.

Таамай айтылган сөз таамай ыргытылган балтадан жакшы.

Ак адамдардын сааты бар, бизде болсо убакыт бар.

Иштен колу бошобогон кишилер кыялдана алышпайт. Кыялдана алган киши гана даанышмандыкка жетишет.

Адамдын жүзү эмес, жүрөгү кооз болушу керек.

Сен башкаларга кылган жамандык, жалган сөздөрүң, түркөй кылыктарың жети жылдан кийин өзүңө кайтып келет.

Бака да өзү жашаган көлмөсүн булгабайт.

Жадагалса кепкенедей чычкандын да өзүнө жараша ачуусу бар.

Көз жаштан коркпош керек. Ал сени жаман ойлордон арылтат.

Шыбыртка кулак сал, ошондо кыйкырыкты угуунун зарылчылыгы болбой калат.

Эгер адам жылан сыяктуу акылдуу болсо, көгүчкөн сыяктуу момун боло алат.

Адам канчалык акылдуу болсо, ага Кудай ошончолук керек. Өзүн өтө эле акылдуумун, баарын билем деп ойлоп албашы үчүн керек.

Эгер кыжалат болсоң баргын да дарыянын жээгине отур. Ошондо суу сенин жаман ойлоруңду агызып кетет.

Ак кишилердин чоңдору эле көп болот экен.

Күн тийип турганда сыйынбаган киши жамгыр жааганда деле сыйынбайт.

Адамдардын баарын сыйла, бирок эч кимге кошомат кылба.

Эгер сен Кудайга ыраазы эмес болсоң, бул үчүн ал эмес, сен күнөөлүүсүң.

Бир да дарыя өзүнүн булагына кайтып бара албайт, бирок ар бир дарыянын өзүнүн башаты болушу керек.

Ичкиликтен улам пайда болгон баатырдык калтырап, коркуу менен бүтөт.

Адамдын мыйзамы өзгөрөт, Кудайдын мыйзамы гана өзгөрбөйт.

Ар бир нерсеге билим катылган. Качандыр бир кезде бул дүйнө китепкана болгон.

Калп эле уктамыш болуп жаткан кишини ойготуш кыйын.

Бир буту менен каноеде, экинчи буту менен кайыкта турган киши эртеби-кечпи сууга кулап түшөт.

Эч кимди келекелеп, шылдыңдаба. Шылдыңдоо акылдууну да келесоого айланат.

Өлө турган күн келгенде коркуп, “өмүрүмдү дагы бир азга узарта түшчү, кыска мезгил болсо да башкачараак жашайын” деп ыйлактаба. Өз ырыңды ырда да, үйүнө кайтып бараткан баатырдай жан бер.

(Индеецтердин макалдары)


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер