Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жек көрүүнү сүйүү, жалганды чындык, өкүмзордукту сабырдуулук менен жеңиш керек

Жек көрүүнү сүйүү, жалганды чындык, өкүмзордукту сабырдуулук менен жеңиш керек

19-август, 22:16
1 082 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жек көрүү проблеманы чече албайт, ал жаңы көйгөйдү гана пайда кылат.

(Фрэнк Синатра)


Биз баарыбыз өзүбүздүн жек көрүүбүздүн курмандыктарыбыз.

(Чак Паланик)


Түркөйлөрдүн билимге болгон жек көрүүсүнөн өткөн жек көрүү жок дүйнөдө.

(Галилео Галилей)


Жек көрсө жек көрсүн, менден коркушса эле болду.

(Калигула)


Аялдын сүйүүсүнөн эркектин жек көрүүсүнө караганда да көбүрөөк коркуш керек. Ал жагымдуулугу менен коркунучтуу болгон уу.

(Сократ)


Эгер башка бирөөнүн жүрөгүндө сага карата сүйүү же жек көрүү бар экенин билгиң келсе, сенин өзүңдүн жүрөгүңдө ага карата сүйүү же жек көрүү бар экенин карап көр. Анан тыянак чыгар.

(Абу Хамид аль-Газали)


Эгер биздин жек көрүүбүз электрге айланганда бүт дүйнө күйүп кетмек.

(Никола Тесла)


Жек көрүүнү сүйүү, жалганды чындык, өкүмзордукту сабырдуулук менен жеңиш керек.

(Махатма Ганди) 


Караңгылык караңгылыкты жок кыла албайт, жарык гана жок кылат. Жек көрүү жек көрүүнү жок кыла албайт, сүйүү гана жок кылат. 

(Мартин Лютер Кинг)


Жеңиш жек көрүүнү пайда кылат, жеңилген киши кайгыда жашайт. Жеңиштен, жеңилүүдөн баш тарткан момун киши гана чыныгы бактылуу.

(Сиддхартха Гаутама (Будда)


Жек көрүү наарызылыктын активдүү түрү, ичтардык пассивдүү түрү. Ошондуктан, эртең ичтардык жек көрүүгө айланса таңгалбай эле коюш керек.

(Иоганн Вольфганг Гёте) 


Жек көрүү рак шишигиндей адамды ичтен жеп, бүт күчүн алып коёт.

(Мартин Лютер Кинг)


Эгер сен жек көрүү менен күрөшкүң келсе, бул үчүн бир гана курал – сүйүү керек.

(Шри Чинмой)


Бир сааттык жек көрүү менен сен бир кылымдык сүйүүңдү жоготкон болосуң.

(Карл Людвиг Бёрне) 


Жек көрүүгө алдыруу – өз ден соолугуңа зыян келтирүү. Бир күнү рак болуп калышың мүмкүн.

(Пауль Ландерс)


Жек көрүү акылдан аздырат.

(Александр Суворов)


Адамдар же коркконунан же жек көргөнүнөн өч алат. 

(Никколо Макиавелли)


Биздин жек көрүүбүз канчалык адилетсиз болсо, ошончолук күчтүү болот.

(Кенже Сенека) 


Аял оройлукту, жек көрүүнү кечирет, бирок кер-какшыкты кечирбейт.

(Этьен Рей)


Жек көрүү жарадар кылат, көралбастык майып кылат, кайдыгерлик өлтүрөт.

(Геннадий Москвин)


Кызганчаактын сүйүүсү жек көрүүгө окшош.

(Мольер) 


Жек көрүү да сүйүү сыяктуу эле сокур.

(Томас Фуллер) 


Мен күлкү менен көз жаш жек көрүү менен коркуудан айыктыра аларына ишенем.

(Чарльз Спенсер Чаплин)


Жек көрүү – бул артын салып кеткен сүйүү.

(Терри Пратчетт)


Кээде өбүшүүнүн артында жек көрүү жашынып жаткан болот.

(Публий Сир)


Улуу адамдын жүрөгүндө сүйүү жашайт, начар адам гана жек көрүүгө маш.

(Букер Талиафер Вашингтон)


Эки жүздүү сүйүү жек көрүүдөн да жаман.

(Гай Плиний Цецилий Секунд (Кенже Плиний)


Жек көрүүнүн арасында жашаган өлгөнгө тете.

(Лоренцо Валла)


Жасалма сүйүү болушу мүмкүн, бирок жасалма жек көрүү болбойт. 

(Нассим Николас Талеб)


Сүйүү мени жек көрүүгө үйрөттү.

(Леся Украинка)


Кечире билүү бизди ачуудан, жек көрүүдөн, руханий күчүбүздү бекер коротуудан сактайт.

(Ханна Мор)


Эң ажаан ит үнсүз болгон сыяктуу эң күчтүү жек көрүү да үнсүз.

(Жан Поль Рихтер)


Адамды жек көрүп турганда Кудайды сүйүү мүмкүн эмес. 

(Максим Исповедник)


Айбандык жек көрүү адамга гана мүнөздүү.

(Принцалександр)


Күнөөкөрдү сүйүп, күнөөнү жек көрүш керек.

(Аврелий Августин) 


Сүйүүдөн жек көрүүгө чейин бир кадам. Ал эми өмүрдөн өлүмгө чейин миллиметр, бир көз ирмем.

(Сергей Владиславович Рязанцевъ)


Мамат Сабыров 

  "Азия Ньюс" гезити 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер