Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эгер бүркүт болуш колуңан келсе, каргалардын чоңу болууга умтулба

Эгер бүркүт болуш колуңан келсе, каргалардын чоңу болууга умтулба

25-январь, 18:00
1 467 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Акын болуп туулуш керек, чечендикке үйрөнүп алса болот.

Кээ бир кишилердин аты эле адам.

Түркөйлүк – жылдызы жок, айы жок түнкү асман.

Жаратылыш жараткан нерсе искусство жаратканга караганда жакшыраак.

Достук татыктуу адамдарды гана бириктирет.

Сөздү эсептебей, салмакташ керек.

Өзүнө гана көз каранды киши баарынан бактылуу.

Өзүн-өзү сүйгөн кишиде атаандаш болбойт.

Ийгилик өзү гана сокур болбостон, бооруна кыскан кишисин да сокур кылат.

Китепканасы менен багы бар киши башка эчтекеге муктаж болбойт.

Бактылуу турмуш акылың тынчтык тапкан күндөн башталат.

Эч ким пара бербегени үчүн эле таза жүргөн киши таза деле эмес.

Достук бизге жамандыкта ортоктош болуш үчүн эмес, жакшылыкка жардамдаш болуш үчүн берилет.

Башына кыйынчылык келгенде чачын жулган келесоолук. Таз болсоң эле кайгың азайып калбайт да.

Чечендин эң бир чоң чеберчилиги – керектүү сөздү гана айтпастан, керексиз сөздү айпай коюу.

(Марк Туллий Цицерон)


Ата болуш оңой, ата бойдон калыш кыйын.

Кээ бирөөлөр элдин баарын келесоо катары санашып, “акылдуу көрүнөм” деп ойлошот.

Келжиректердин эки түрү болот: бирөөлөрү эмне ойлоп жаткандарын жашырыш үчүн сүйлөсө, экинчилери эчтеке ойлонбосун жашырыш үчүн сүйлөшөт.

Мүнөз – өзүңдү башкара билүү, талант – башкаларды баш ийдире алуу.

Соопчулук муктаждыкты жоготпой эле керектөөнү көбөйтөт.

Илимде сабакты эстеп калыш үчүн кайталаш керек. Моралда болсо кемчиликти кайталабаш үчүн эстеш керек.

Сахнадан адамдарды эмес, актёрлерду көргөндө театр кызыксыз болуп калат.

“Акылдуу адамдар аз” деп кейибей, аз да болсо барына шүгүр келтирүү керек.

Балдарга акыл кириши үчүн аталар ачкадан өлүшү керек.

Жүрөк эле болсо, кайгы-капа табылат.

Аялын ойнушундай сүйө алган эркек бактылуу, ойношу аны күйөөсүндөй сүйүүсүнө жол берген эркек бактысыз.

(Василий Ключевский)


Эгер бүркүт болуш колуңан келсе, каргалардын чоңу болууга умтулба.

Сенин биринчи мыйзамың өзүңдү өзүң сыйлоо болууга тийиш.

Аракечтен “ичкиликти канткенде таштайсың?” деп сура. Ал үчүн мен жооп берейин: мас учурунда жасаган иштерин көбүрөөк эстесин.

Адамдарга досторуң душманга айланып кетпегендей, душмандарың доско айлангыдай мамиле кыл.

“Ооба”, “жок” деген сөздөр канчалык кыска болбосун, олуттуу ой жүгүртүүнү талап кылат.

Адамзат үчүн үч олуттуу коркунуч бар: аалымдардын материализми, динчилдердин түркөйлүгү, демократиядагы хаос.

Унчукпоо – даанышмандыктын башталышы.

Дүйнөнү сандар башкарат.

Улуу ишти убада бербей жаса.

Ишенимдүү жакшы дос таба албасаң, өзүңө-өзүң дос бол.

(Пифагор)


Аялзаты сыр сактай албайт, бирок бир да аял жүрөгүндөгү купуя сырын айтпайт.

Эгер сенин барганың өзүңө керек болсо, беш мүнөт эрте бар. Эгер сенин барганың башкаларга керек болсо, беш мүнөт кечигип бар.

Сүйүүнүн жарааттары айыккан кезде сүйүү өзү өлгөн болот.

Кээде аман калыш үчүн аялдар ажаан болууга туура келет. Кээде ажаан болгону үчүн аялдар аман калат.

Эң көп калпты биз өзүбүзгө өзүбүз айтабыз.

Адам эмне каалаганын билсең, анын ким экенин билесиң.

Аялдын сырткы кебетеси бал сыяктуу: эркектер ага кызыгып, балчелекке кирип барат. Кирсе, ичи толтура ызылдаган, ийнелүү аарылар...

(Стивен Кинг)


Дүйнөнү куткарыш үчүн ар бир адамды өз-өзүнчө, бирден куткарыш керек. “Баарын куткарам” деген романтизм, же саясат болуп калат.

Депрессия менен өзүн-өзү өлтүрүү көп учурда туура эмес диетанын натыйжасында болот.

25 жашында ар бир адам гений боло алат. 50 жашта гений болуш үчүн бирдеке жасаш керек.

Эгер сен айбан болсоң, “айбанмын” деп эле айт. Болбосо башкалар айтат. Өзүң айтсаң, башкалар айталбай калат.

(Чарльз Буковски)


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер