Эки периштенин сүйлөшүүсү. Жашоодо чындап эле ушундайбы?
Улуу периште кичүүсүнөн каардуу түр менен сурак алып жатат:
-- Айта бер. Кыскача. Убактым аз!
-- Тирүү, саламатта, адаттагыдай. Жумушка барып келет. Бир нерседен үмүттөнөт.
-- Эмнеден?
-- Айтыш кыйын. Эки жолу бактылуу түш көрсөттүм, түшүнгөн жок. “Жумуштан чарчадым” деп көп айтат.
-- Жумушунда эмне экен?
-- Эл катары эле. Башкармасы. Ычы-чуу. Тамеки. Ушактар.
-- Башкармасы каардуубу?
-- Башкарма башкармадай эле. Башкаларда кандай болсо ошондой. Эмнегедир андан коркот...
-- Коркунучтарын кубаладыңбы?
-- Албетте. Офистен чыгып үйүнө баратканда канаттарым менен каккыладым. Булуттарды да кубаладым. “Күндү байкасын” деп канат менен кулакка да чаптым.
-- Сулуу айымды жолдон жолуктурдуңбу? Бийик такачан. Жагымдуу атыр жыттанган?
-- Сурабаңыз... Маршруткадан мурдулары менен сүзүштүрдүм.
-- Анан?
-- Анан ошо. Болгон сөзү “кечирип коюңуз”.
-- Жумуштан кийинчи?
-- Дүкөндөр. Телевизор. Интернет. Уйку.
-- Телевизорун сындырып көрдүңбү?
-- Албетте. Эмнегедир жаңысын сатып алды.
-- Интернетин өчүрүп көрдүңбү?
-- Беш күн катары менен. Жумушта отуруп алмай адат таап алды. Түнгө чейин. Аларда мындай мүмкүнчүлүк бар.
-- Демалыш күндөрүчү?
-- Түшкө чейин уйку. Кечинде достору, мааниси жок сөздөр, арак-шарап. Үйгө түн катып келет. Эртең менен башы ооруп төшөктө. Же телевизор. Же компьютер.
-- Жактырган кызычы?
-- Аябай жакын жашайт. Үч үйдөн кийин эле. Бир эле дүкөнгө соода кылганы барышат.
-- Кезектен жолугуштурдуңбу?
-- Баары инструкциядагыдай. Андан да көп – аялдамада, майрамдарда.
-- Тагдыр сызыгын алаканынан текшердиңби?
-- Ооба. Шайкештик бар. Бирок, кептин баары... Бул шаар өзү ошондой экен... Алым келбей калды! Ишке ашпас тапшырма!
-- Токтот! Сенин күчтүү таасир берчү каражаттарыңдын тизмеги кана?
-- Мына шеф. Грипп температурасы менен. Сөөктөрдүн чыгып кетиши сыныгы менен. Автокырсык. Банкроттук. Өрт. Көчөдөгү коогалаң. Финансылык кризис. Граждандык согуш...
-- Жетишет. Тагдырды оңдоо үчүн эмнеге гана барбайсың. Болгону бирин гана танда жана масштабы азыраагын. Аткар!
-- Түшүнүктүү! Аткарууну баштадым!
Мораль: Кудай берген баардык мүмкүнчүлүктөрдү байкап жана колдонолу. Ошондо гана биздин колдоочубузга, соңку чараларга барбаганга шарт түзүлөт.
"Азия Ньюс" гезити