Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эркек киши эки жолу сүйүнөт: биринчисинде үйлөнгөндө, экинчисинде аялы жок калганда

Эркек киши эки жолу сүйүнөт: биринчисинде үйлөнгөндө, экинчисинде аялы жок калганда

12-январь, 09:30
2 487 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ким көз жаш төккөн болсо, чын дилден күлөт. Ким өлүмдү көргөн болсо, жашоонун баркын билет.

Алсыз душманды аяба, ал күчкө толгон кезде сени аябайт.

Бактысыз адамга бакыт тартуулагандан өткөн бакыт жок.

Кеткен нерсени кармаба, келген нерсенин жолун тоспо. Ошондо бакыт сени өзү табат.

Күчтүү менен байга көз артпа. Чыккан күндүн батмайы бар. Бул кыска өмүргө сага берилген убактылуу карыз сыяктуу мамиле кыл.

Байлыкка кул болуп калган кишини кулчулуктан бошотуу мүмкүн эмес.

Биз таштап кеткен адамдар жакшы досторго туш болушсун. Ал эми бизди таштап кеткен адамдар бизден артык дос жок экенин билишсин.

Жүрөктү ачкөздүк ээлеп алган кезде даанышмандын кеңешинен пайда жок.

Кыйынчылык тарткан күндөрдү да баалай бил. Себеби, ал күндөр да кайра кайтып келбейт.

Жамандыкка жамандык кылба. Чыккынчылыкка туруктуулук менен жооп бер.

Ичинде кастык оту күйгөн киши бирөөнү да өрттөйт, өзү да өрттөнөт.

Чаян ачуусу келгенинен эмес, чаян болуп жаралганы үчүн чагат.

Акылдуу аял күйөөсүнө айткан ар бир сөзүнө бал кошуп айтат, күйөөсүнөн уккан сөздөн калемпирин, тузун алып угат.

Билимиң жок болсо, сен бай болсоң да кедейсиң.

Көзүнө чөп салган аялын кечирген эркек көп өтпөй бирөөнүн аялы менен жашап жатканын түшүнөт.

(Перси накылы)


Карганын уясында да булбул туулуп калышы мүмкүн.

Өзүң түркөй болсоң, “ата-бабам сабаттуу болгон” деп мактанбай эле кой.

Табытты алдын ала даярдап койгон учурда өлүм келбейт.

Карыз алган болсоң убагында бер. Экинчи жолу алганга жеңил болот.

Үйлөнгөн соң аялыңды сүй. Сүйө албасаң, үйлөнбө.

Жамандыктын артынан түшүп алуу – аңга тайып түшүп кеткендей эле нерсе.

Талантың болсо “жолум ачылбай жатат” деп кейибе. Сага да бир күн оомат келет.

Жакшы адам эски кекти эстебейт.

Пион канчалык кооз болбосун, жашыл жалбырактарсыз жашоосу өтпөйт.

Өлгөн чычканды куруна асып алып, өзүн аңчы сезгенин карасаң!

Жолдон адашсаң кайра жол тапса болот. Сөздөн жаңылсаң, кайра оңдош кыйын.

Күчтүү колбашчыда чабал жоокер болбойт.

Аба ырайы бир эле саатта өзгөрөт. Адамдар болсо бир муун өткөндө өзгөрөт.

Адамдар ынтымактуу болсо, карандай суу да даамдуу сезилет.

Бир кубаныч жүз кайгыны кетире алат.

Санааң тынч болсо, чөп алачык да жыргал сезилет.

Майда кемчиликтер чоң иштерге жолтоо болот.

Кыздар ата-энесин сүйүнтүш үчүн турмушка чыгат, жесир аял болсо өзүн сүйүнтүш үчүн турмушка чыгат.

Көңүлүң жайында болбосо, көрсөң да көрбөйсүң, уксаң да укпайсың, жесең да даамын сезбейсиң.

Атың аңга түшүп кеткенден кийин тизгинди тарткандан пайда жок.

Илбирс өлсө териси калат, адам өлсө жакшы аты калат.

Ашкабак дайыма эле топтоголок болбойт, адам дайыма эле кынтыксыз болбойт.

Душманыңды жеңиш үчүн андан күчтүү болууга аракет кылба, аны өзүңдөн алсыз кылууга аракет жаса.

Эки эркек менен жаткан аялдын кебетеси кетип, денеси куурай баштайт.

(Кытай накылы)


Оозуңду ачкандан көрө көзүңдү ач.

Чөөсү жок чөл болбойт.

Тирүүгө күлбө, өлүккө ыйлаба.

Өмүрдү Кудай, айлыкты падыша берет.

Адам тогуз жашында кандай болсо, токсонго чыкканда деле ошондой болот.

Ачка киши “тойбойм го” деп ойлойт, ток киши “ кургасым ачпайт” деп ойлойт.

Байдын боору ооруганча кедей ачкадан өлөт.

“Кел” деш оңой, “кет” деш кыйын.

Досуңду ыйлатпа, душманыңды күлдүрбө.

Арпа унуң жок болгону менен таттуу тилиң бардыр?

Акылдуу билгенин айтат, келесоо өзү эмне айтып жатканын да билбейт.

Адам менен жүрсөң адам болосуң, эшек менен жүрсөң эшек болосуң.

Келесоого унчукпай койгондон өткөн жооп жок.

Сага дароо эле багынып берген кызга үйлөнбө.

Ачуу менен турган киши уят болуп отурат.

Жаны тынч болушун каалаган киши дүлөй, сокур, дудук болушу керек.

Элдин баары эле акылдуу болсо койду ким жаят?

Кырчылдашып жаткан учурда эч ким кылычын карызга бербейт.

Камчы жеген эшек аттан да бат чуркайт.

Оору ыйлатса, сүйүү сүйлөтөт.

(Түрк накылы)


Ар ким өз үйүндө падыша.

Жан алгыч аксак эшек сыяктуу: ар бир үйдүн алдына токтойт.

Аалым даанышман сыяктуу сүйлөйт, келесоо сыяктуу жашайт.

Башың эле болсо калпакты Багдаддан апкелип беришет.

Таштандыны канчалык көп казсаң, өзүң да акыр-чикир жыттана баштайсың.

Адамды билиш үчүн анын салмагынчалык туз жеш керек.

Бир такам бар, дагы үч така менен ат сатып алсам эле болду.

Келесоолор болбосо аалымдарды эч ким таанымак эмес.

Эркек киши эки жолу сүйүнөт: биринчисинде үйлөнгөндө, экинчисинде аялы жок калганда.

Ачка жатсаң чыйрак ойгоносуң.

Катының ажаан болсо иттин деле кереги жок.

Акча оорудан арылта албайт.

Сокур киши өлөр өлгөнчө “мына-мына көрөм” деп жашайт.

Аялың башка эркек менен жатып койгон болсо, эми ал сенин аялың эмес.

(Сирия накылы)


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер