Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жашоо – бул майрамдык торт, бирок муну торт түгөнүп, майда күкүмдөрү калганда гана байкайсың

Жашоо – бул майрамдык торт, бирок муну торт түгөнүп, майда күкүмдөрү калганда гана байкайсың

04-январь, 17:30
1 681 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жашоонун маңызы барбы? Бул суроону жигитке эмес, эмбрионго берсе жарашат. 

(Сэмюэл Джонсон)


Жашоодо ырахат, жыргалчылык болбосо деле кандайдыр бир маани бар да? 

(Максим Звонарев)


Турмуш бизге берген суроолорго биз өлөрдө да жооп таба албайбыз.

(Эмиль Кроткий)


Адам бул дүйнөдө “бай болоюн” деп эмес, бактылуу болуу үчүн жашайт.

(Стендаль)


Адамдын туулгандагы максаты – адам болуу. Өлүп барткандагы максаты да – адам болуу. 

(Ф.Искандер)


Өмүр жолундагы эң ишенимдүү компас – бул максат. 

(Б.Крутиер)


Бир кол экинчи колго, бир бут экинчи бутка, үстүңкү тиш астыңкы тишке жардам берген сыяктуу, биз адамдар да бири-бирибизге жардам бериш үчүн жаралганбыз. 

(Марк Аврелий)


Өзү үчүн гана жашаган киши башкалар үчүн өлүк.

(Публилий Сир)


Эң туура жол ушул: сага чейинкилер эмне кылганын кара да, жолуңду андан ары улант. 

(Л.Толстой)


Алдына улуу максат койгон киши өзү жөнүндө ойлонбошу керек. 

(Иван Тургенев)


Өзүнүн курсагын көтөрүп жүрүш үчүн эле жашап жаткан кишилер бар. 

(И.Шевелев)


Эртең эмне иш каларын билбеген киши – бактысыз жан. 

(Максим Горький)


Эч ким жашоосу көңдөй болушун каалабайт, бирок баары жашоосу жеңил болушун каалайт. Эгер сенин жашооң жеңил болсо, демек, ичи көңдөй экен.

(Андрей Лаврухин)


Жашоо – бул майрамдык торт, бирок, муну торт түгөнүп, майда күкүмдөрү калганда гана байкайсың.

(Михаил Мамчич)


Жашоо жылдызга окшош: бир “жарк” этет да өчүп калат.

(Татьяна Соловова)


Жашоонун маңызы – өзүңдү табуу

(Мухаммад Икбал)


Өмүр бою кумшекер жеген кишиге туздун даамы кандай экенин түшүндүрүү кыйын

(Вернар Вербер)


Адамдар бир нерсени билүүгө тийиш: жашоонун театрында Кудай менен периштелер гана көрүүчү боло алышат.

(Френсис Бэкон)


Пайдасыз жашоо – убагынан эрте өлүү.

(Гете)


Жакшы адамдардын жашоосу – түбөлүк жаштык.

(Нодье)


Адам канчалык жакшы болсо, өлүмдөн ошончолук аз коркот.

(Лев Толстой)


Менин жашоомду керемет кылган нерсе менин өлүмүмдү да керемет кылат.

(Чжуан Цзы)


Жашоо – бейишке кире бериш жердеги карантин.

(Карл Вебер)


Бу дүйнө – жаман адам үчүн жаман, көңдөй адам үчүн көңдөй.

(Людвиг Фейербах)


Жашоонун мектебинде начар окугандар классынан көчпөй калбайт. 

(Эмил Кроткий)


Жашоодогу жакшы нерселердин баары же аморалдуу, же мыйзамсыз, же семирүүгө алып барат.

(Оскар Уайльд)


Эгер сен керексиз нерсени сатып алсаң, жакында өзүңө зарыл нерселерди сата баштайсың. 

(Бенджамин Франклин)


Кошомат кылганды билген артыңан ушактаганды да билет.

(Наполеон Бонопарт)


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер