Тез арыктаткан индия диетасы


1-күн
Бир күн бою жалаң гана мөмө-жемиш жейбиз. Баардык мөмө-жемиштерди таза жууп, дасторконуңузга коюп, табитиңиз тартканын жей бериңиз. Эскертүү: жүзүм, банан жана мангодон башкасын, анткени алардын курамында глютен көп.
2-күн
Экинчи күнү болсо жалаң жашылчаларды колдонобуз. Кааласаңыз салат жасап жесеңиз болот. Тузун аз себелеп, майонез колдонбойбуз! Эртең мененкисин сууга бышырылган картошка, сабиз, кызылча жесеңиз болот. Мындай ыкма менен сиз организмиңизге жетиштүү энергия жана углевод алган болосуз.
3-күн
Мөмө-жемиш менен жашылчаларды жейбиз.
4-күн
Банан диетасына отурабыз. Бул күнү эртели-кеч банан жегенге болот, а бирок кечки алтыга чейин. Банан абдан калориялуу келип, курамы калий жана натрийге бай.
5-күн
“Быштак жана жашылча-жемиш күнү” деп жарыялаңыз. Бул күнү капуста, быштак жана помидорду колдонсо болот. Дал ушул күнү суунун өлчөмүн көбөйткөн дагы пайдалуу.











