Руханий жактан өстүрө турган кадамдар кандай болот?
Бенджамин Франклин “адам руханий жактан өсүүсү үчүн бир нече жума керек” деп айткан. Ар жума сайын ал белгилүү бир эрежени карманган. Бүгүнкү күндө да анын карманган эрежелерин ар бир адам “туура” деп эсептейт.
1. Өзүңдү башкара билүү. Эсиң танганча тамак жеп, арак ичпе.
2. Үнсүздүк. Өзүңө же өзгөгө пайдалуу болгон нерселер тууралуу гана сүйлөш.
3. Тартип. Ар бир нерсенин өз орду болсун. Ар бир иштин өз убактысы болсун.
4. Тырышчаактык. “Иштеш керек” деген иштерди башта, ал эми баштагандан кийин аягына чык.
5. Үнөмдөө. Өзүңө же өзгөлөргө пайдалуу болгон нерселерге акча жумша. Ашыкча чыгымдын пайдасы аз.
6. Эмгекчилик. Убакытты бошко кетирбе. Ар дайым пайдалуу бир иш менен алектен. Милдеттүү эмес иштин баарынан баш тарт.
7. Адалдык. Калп айтпа. Ойлоруң ачык, күнөөсүз, адал болсун. Сөзүң да мээримдүү, салмактуу болсун.
8. Ак ниеттүүлүк. Адамдарды таарынтпа, чыккынчылык кылба. Жакшы, ийгиликтүү иштер ак ниеттүүлүк менен жасалуусу керек.
9. Кечиримдүүлүк. Сага бирөө зыян тийгизсе, кечире бил. Аларга таарынып кек сактоонун сага да, ага да пайдасы жок. Өз өмүрүңдү колго ал.
10. Тазалык. Кийимиң да, үйүң да, курчаган айланаң да суудай таза болсун.
11. Тең салмактуулук. Түймөдөй нерсени төө кылба. Кичинекей нерсе үчүн ачууга алдырба.
Aryba.kg