Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мурда начар ата-энелер балдарын интернатка беришчү, азыр интернетке “беришет”.

Мурда начар ата-энелер балдарын интернатка беришчү, азыр интернетке “беришет”.

01-февраль, 13:18
641 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сиз өз балаңызга канчалык эрте чоң кишидей мамиле кыла баштасаңыз, ал ошончолук тез эр жетет.

(Джон Локк)


Адегенде балаңды тил алганга үйрөт, андан кийин каалаганыңды үйрөтө бер.

(Бенджаин Франклин)


Жакшы тарбия – бул өзүң жөнүндө көп ойлонуп, башкалар жөнүндө аз ойлоноруңду жашыра билүү.

(Марк Твен)


Эгер баланын айтканын кылып койсоң ал сага кожоюн болуп алат; анан аны өзүңө баш ийдириш үчүн күн сайын соодалашыш керек болот.

(Жан Жак Руссо)


Ата-энелердин көбү тарбия дегенди жазалоо катары түшүнүшөт. А чындыгында болсо тарбия – бул үйрөтүү дегенди туюндурат.

(Тим Селдин)


Ай караңгы түндү жарык кылган сыяктуу  жакшы тарбия алган бала да  бүт үй-бүлөнү жарык кылат.

(Чанакья Пандит)


Тарбиячы чиновник эмес, а эгер чиновник болсо, анда ал тарбиячы эмес.

(К.Д.Ушинский)


Мугалим окутканда канчалык аз кыйналса, окуучу окуганда ошончолук көп кыйналат.

(Лев Толстой)


Тарбия берүүдө шашылгандык – өтө чоң катачылык.

(Жан Жак Руссо)


Бирөөнү окутуш үчүн өзүң окуганга караганда да көбүрөөк акыл керек.

(М.Монтень)


Эгер окуучу мугалимден үлгүнү эмес, атаандашты көрбөсө, шакирт устатынан эч качан озо албайт.

(В.Белинский)


Балдар – бул периштелер. Чоң кишилер болсо аларды адамга айлантышат.

(Михаил Задорнов)


Эх апаке, апаке, мени катуурак эле сабаганыңда жакшы болмок экен.

(Г.Л.Олди)


Балдар ата-энесине акыл киргенге чейин эле бойго жетип калышат.

(Михаил Мамчич)


Мурда начар ата-энелер балдарын интернатка беришчү, азыр интернетке “беришет”.

(Александр Воробьев)


Камчы менен сабап, балдардан жаман сапаттардан арылта албайсың, бирок, жакшы сапаттарын жоготуп салышың мүмкүн.

(Бауржан Тойшибеков)


Аялы күйөөсүнүн, балдар болсо ата-энесинин чагылышы.

Баланы жакшы көрбөгөн адам чоң кишилерди деле жакшы көрбөйт, адамды сүйбөгөн киши Кудайды деле сүйбөйт.

(Максим Докукин)


Эч кимден үмүт үзбөш керек, балдардан өзгөчө.

(Андрей Лаврухин)


Балдар тарбияны ата-энесинен карызга алып, балдарына беришет.

(Михаил Жванецкий)


Эски макал туура: балдар туулганда инструкциясы кошо берилбейт.

(Харлан Кобен)


Баланы он сегиз жашка чейин тарбиялаш керек, андан кийин болсо качан кетип, качан келгенин карап туруу кажет.

(Лууле  Виилме)


Балдар бизден эки нерсени алууга тийиш: биринчиси – тамырды, экинчиси – канатты.

(Америка накылы)


Эгер балаңыз сиздин үйүңүздү өз үйү катары сезбесе, көчөнү үй кылып алат.

(Надин де Ротшильд)


“Жасай алам” деп ойлогон киши жасай алат.

(Будда)


Акылдуу жаштар, келесоо карыялар да болушу мүмкүн. Себеби, ой жүгүртүүгө убакыт эмес, тарбия менен табият үйрөтөт.

(Демокрит)


Адегенде өзүң ынан, анан ынандыр.

(К.С.Станиславский)


Сүрөтчү болуп туулган сыяктуу тарбиячы болуп да туулуш керек.

(К.Вебер)


Уруп-согуу менен тилдөө апийим сыяктуу: анын таасири бат эле жоголот, анан дозасын улам көбөйтүүгө туура келет.

(Бичер-Стоу)


Балдарын эмгекчилдикке үйрөткөн адам аларды мурас калтырганга караганда да жакшырак камсыздаган болот.

(Уэйтли)


Азыр ата-энелер балдарын тарбиялабай, каржылап гана калышты.

(«Пшекруй»)


Тарбиялоо – бул телевидениеге көз каранды болбоого үйрөтүү.

(Маршалл Маклюэн)


Балаңды “чөнтөгүңө эмнелерди салып алгансың?” деп тилдээрден мурда өзүңдүн сумкаңда эмнелер бар экенин кара.

(Америка накылы)


Эгер балаңызга али ката элек цементке жазганга уруксат берсеңиз, ал жазганды батыраак үйрөнөт.

(Белгисиз автор)


Балдарым бой жетип, менин аңгемелеримди укпай калышканда, мен романдарды жаза баштадым.

(Умберто Эко)


Сиз өз балаңызга оюңузду эмес, сүйүүңүздү гана бере аласыз. Анткени, алардын өз ойлору бар.

(Халил Джебран)


Балдар ата-энесине тил алчаактыгы жана урмат-сыйы менен ыраазычылык билдиришет.

(Екатерина II

Мамат САБЫРОВ

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер