Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кооптуу тамак-аш: супермаркеттен эмнени сатып албаш керек?

Кооптуу тамак-аш: супермаркеттен эмнени сатып албаш керек?

10-август, 16:49
2 821 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көп колдонулган азык-түлүктөрдүн сапаты тууралуу ойлонгондор аз. Дүкөнгө келип пайдалуу же зыян экенине карабай капчыгыбызга жараша колубузга тийгенди сатып алабыз. Эң мыкты супермаркеттен деле албаш керек болгон азыктарга көңүл бурууну сунуштайбыз.

Майдаланган эт. Диетолог Елена Соломатинанын пикиринде, көпчүлүк өндүрүшчүлөр тууралган этке эски же бузулуп кеткен этти, көбүрөөк ич май, терисин жана сөөктөрүн кошуп коюшат. Ошондуктан, эң жакшысы базардан жаңы эт сатып алып, аны өзүңүз туурап алыңыз, анын сапатына 100% ишенимдүү болосуз.

Граммдалган момпосуй. Кептин баары момпосуйлардын жарактуу мөөнөтү салыштырмалуу азыраак болгондугунда. Ал эми таттуулардын көбү эле өз убагында сатылып кетпейт. Мындай учурда сатуучулар эмне кылышат? Алар баасы жазылган жериндеги датасын өзгөртүп коюшат, ошондуктан супермаркеттерден сатып алган таттуунун эски жана жаман жыттанышына таңкалбай эле коюңуз.

Майдаланган сыр. Мындай сырдын бир бөлүгү пакетте көрсөтүлгөн компанияга туура келбеген учурлар кездешет. Мындан тышкары, сырлардын айрым түрлөрү, мисалы, пармезанда өндүрүүчүлөр көлөмүн көбөйтүү үчүн целлюлоза кошуп коюшат. Демек, каалаган сырды сатып алып, үйдөн майдалап алуу ишенимдүүрөөк деген жыйынтыкка келсек болот.

Тоңдурулган азыктар. Көпчүлүк учурда тоңдурулган тамак-аш салынган таңгактарда муз өтө көп болуп, эригенде көлөмү таптакыр башка болуп калат. Бул айрыкча креветка, кальмар, балык, тоңдурулган жашылча-жемиштерге тийешелүү. Анүстүнө тез тоңдуруу жана эритүү учурунда жашылча-жемиштердин пайдалуулугу азаят. Жай мезгилинде арзаныраак сатып алып, өзүңүз тоңдуруп койгонуңуз оң болот.

Тоок гриль. Мындай тоокторду көпчүлүк учурда сатылбай калган эттен жасашат. Бир нече күн маринаддап, андан кийин кытырак болгонго чейин куурулат. Көбүнчө ысык тоок эти батыраак сатылып кетип, кеч сатып алуучулар эскирген товарларга ээ болушат.

Килограммдалган кесме жана майдаланган дан азыктары.Эреже катары мындай кесме жана майдаланган дан азыктарынын жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлбөйт. Дагы бир капа кылуучу жагдай, аларда зыянкеч көпөлөктөр же коңуздар пайда боло башташы мүмкүн. Ошондуктан мындай азыктарды фирмалык таңгакта сатып алуу коопсузурак.

Даяр салаттар.Эгер салаттар сиз келердин алдын 5-15 мүнөт жасалган болсо жакшы. Бирок, тилекке каршы, алар бир жолу колдонулуучу желим идиштерге күн бою турат. Анүстүнө мындай салаттарга арзан жана сапатсыз майонездер, айрым учурларда башка жараксыз азыктар дагы колдонулушу толук ыктымал.

Булак: РИА Новости

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер