Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көзү өтүп кеткен туугандар эмнеге түшкө киришет?

Көзү өтүп кеткен туугандар эмнеге түшкө киришет?

01-август, 19:52
2 494 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кээде түшүбүзгө бул дүйнөдөн көзү өтүп кеткен туугандар кирет. Мындай түштөр дайым кандайдыр бир олуттуу өзгөрүү болорунан кабар береби? Бирок өтө кабатырланып кереги жок. Көпчүлүк убакта мындай “коноктордун” аркасынан ийгилик келет.

Мындан сырткары, эгер ал адам жакында эле көз жумуп, анын өлүмү сиздин эсиңизден кете элек болуп, көп ойлонуп жүрсөңүз, анда мындай түш сиздин күнүмдүк ойлорду чагылдырат. Мындай түштөр эч кандай деле маани бербейт. Башка убактарда эмнеге мындай түш киргени тууралуу ойлонсо болот. 

Psychology Today журналына таянып карасак, адатта адамдар түшүндө төмөндөгүлөрдү көрөт:

-- өлгөн адам тирүүсүндөгүдөй эле, бирок жашыраак жана саламат түрдө кирет;

-- ал тирүү адамдарга анда баары жакшы экенин көрсөтөт. Ошол эле кезде бир да сөз сүйлөбөйт, маалыматтар телепаттык түрдө берилет. 

Мындай түштөр реалдуулукка окшош, ойгонгондо адам баарын, майда деталдарга чейин эстеп калат. 

Төмөнкү себептерден улам да көзү өткөн адамдар түшкө кириши мүмкүн:

-- өлгөн адам кечирим сурагысы же анын өмүрүндө кабатырланткан көйгөйдү чечүүгө жардам сурагысы келет;

-- ал бир нерсени алдын ала эскертет, кеңеш берет же коргоочунун ролунда болот;

-- өлгөн адам өлүмдөн кийин да жашоо бар экенин көрсөткөнү келет.

Эсиңизде болсун, эгер түшүңүздө өлгөн адам тирүүдөй келип жана кандайдыр бир кеңештерди берсе, аны угуңуз. Алар сиздин күмөнүңүздү жана ички чочулооңузду жоюп, конфликттерди жана көйгөйлөрдү чечкенге жардам берет. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер