Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эркекти сүйүүгө мажбурлаган бир сезим. Билесизби?

Эркекти сүйүүгө мажбурлаган бир сезим. Билесизби?

11-июль, 21:31
3 669 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эркек мамиледе ыңгайлуу болуп калса, аялына болгон аракетин токтотот. Күнүмдүк иш менен алектенүү көбөйгөндө, кумарлануу жоголот. Бирок кеп физикалык эле эмес, эмоционалдык бөлүктө дагы.

Эмоционалдык тартылуу – бул эркекти ачылууга, сезимдери менен бөлүшүүгө жана аялга, адатта, жашоодо өзү уруксат бергенден тереңирээк деңгээлде жакындоого түрткү берет. Эркекти узак убакыт бою бир аялга байлап турган нерсе ушул.

Эркек сүйүүнү сезбей калдым десе, чындыгында ал – “мен сага мурда физикалык жана эмоционалдык тартылууну сезчүмүн, бирок азыр эмоционалдык тартылуу жок дегени.

Эркек жеке мейкиндикти сураганда же аны түзгөндө, сиз ага каршы чыккыңыз келсе, бул кырдаалды ого бетер начарлатат. Анткени адамдар инстинктүү түрдө аларды кууган адамдан качышат. Сиз ага өзүңүздүн жакындыгыңызды таңуулап жатканыңызды сезип, качып кетүүнү каалайт. Анын ордуна сезимдерди кайтаруу үчүн эмоционалдык жагымдуулукту жаратуу керек. Кантип? Ага керек болгон жеке мейкиндикти берип, өзүңүзгө да убакыт бөлүңүз. Муну жасаганда, сыйкырдуу нерсе башталат. Эмоцияларга алдырбаш үчүн сиз кырдаалды көзөмөлдөй аласыз жана эркек, адатта, ага жеке орун берсе, жеке күмөн жана коркуу сезимдерин оңой жеңет. Кызыгууну пайда кылуу үчүн мамилени чыңдаңыз.

Күтүүсүздүк жетишпей жатабы? Аны кошуңуз. Жаңы бир нерсе ойлоп табыңыз. Демалыш күндөрүңүздүн стандарттуу пландарын өзгөртүңүз. Стандарттык жыныстык катнашты өзгөртүңүз. Майда сапарларды пландаштырыңыз. Эгер сиз көп убакытты чогуу өткөрсөңүз, анда убакыттын чогуу эмес өтүшү жаңылык болот.

Эгерде эркек сизге физикалык жана эмоционалдык жагымдуулукту сезсе, сиз аны эч качан жоготпойсуз. Жөн гана ага жеке мейкиндик берип, мамилени кызыктуу кылыш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүңүз.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер