Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көпчүлүк өнөкөт оорулар күндүн ысышы менен күч алат, сак болуңуздар!

Көпчүлүк өнөкөт оорулар күндүн ысышы менен күч алат, сак болуңуздар!

09-июль, 14:48
2 549 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Москва шаарынын алгачкы медициналык жардам көрсөтүү департаментинин штаттан тышкаркы башкы адиси Андрей Тяжельников билдирди.

Дарыгердин айтымында, аптаптуу ысыкта жүрөк-кан тамыр оорусу барлардын 50 пайызын, бронхити барлардын 10-12 пайызын, астмасы барлардын 30 пайызын эски дарты кыйнайт.

"Негизи эле кышка караганда жайында ооруп калуу коркунучу көбүрөөк. Ысып турган организмге суук бат тийип, иммунитет тез төмөндөйт. Мындай учурда өнөкөт оорулар гана козголбостон, вирус менен бактериялар бат жугат. Негизи ысыктын өзү организмге чоң стресс алып келгендиктен, жайкысын ооруп калуу өтө оңой", — деди Тяжельников.

Кыргызстанда өтүп бараткан апта адаттан тыш ысык болду. Буга чейин Кыргызгидромет 10-июлга чейин абанын температурасы 36дан 41 градуска чейин жетип, андан кийин ысык бир аз мизин кайтарарын божомолдогон.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер