Ромашка менен бетиңизди жууп, агартып, бырыштардын алдын алыңыз!


Ромашка менен бетиңизди жууп, аны агартып, бырыштардын алдын алып, жылмакай кылып алсаңыз болот. Ал үчүн болгону ромашканы туура колдонуу сунушталат.
Мисалы, 100 грамм ромашканы жарым литр ысык сууга салып коёсуз. Анын муздаганын күтөсүз. Ал муздаган соң суусу менен эртең менен бетти чайкоо сунушталат. Бул суусундук бетиңизди бир ирет чайкоого жетет.
Ошол эле учурда ромашкадан турган тоңдурулган кубиктер дагы пайдалуу. Ал үчүн ромашка суусун атайын кубик кылып муздаткычка тоңдуруп аласыз. Даяр кубиктерди алып, душтан чыккан соң бетиңизди жана мойнуңузду сүртөсүз. Мындай ыкма бырыштардын алдын алууга жардам берет.
Кечинде жатарда дагы бетиңизди ромашка суусу менен жуусаңыз абдан пайдалуу. Болгону даяр суусундукка бир чай кашык одеколон кошуп койгонуңуз дурус болот. Даяр суусундук менен бетти сүртөсүз.
"Азия Ньюс" гезити











