Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азыр биз бактысыз үч адамбыз, ага кеткенде мен ыйлайм, мага келгенде ал ыйлайт

Азыр биз бактысыз үч адамбыз, ага кеткенде мен ыйлайм, мага келгенде ал ыйлайт

30-сентябрь, 12:23
855 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ар кимдин бешенесине ар кандай тагдырды буюрат экен. Мен баарынан ушул учурда, ушул күндөрдө кыйналып, азап тартып, жаш туруп психикалык ооруга чалдыгып, бир уучтам дарыны ар күнү ичип жүргөн кезим. 

Мага тагдыр бороону  атам каза болгондон кийин башталды. Бактылуу балалык, бейпил күндөрүбүз атамдын өлүмү менен кошо жок болгонсуду. Биз төрт бир тууган элек. Атам каза болгондон кийин апам бизди туугандарыбыздыкына калтырып, өзү Түркияга иштегени кетти.  Ар кимдин колунда жаман-жакшы көрүнүп жүрүп бой жеттик. Апам болсо алгач жакшы эле иштеп жүрүп, кийин түрк улутундагы бир адамга турмушка чыгып кетти. Өз киндигибизди өзүбүз кесип, тирүүлүк өтүп жатты...

Ошол күндөрү Азатты жолуктурдум. Мээримге, жылуулукка зар дүйнөмө жылуулук чачып, жакшы сөзүн арнап, турмуш курууга колумду сурады. Алгач көңүлсүнө бергеним жок. Иштесем, бир туугандарыма жардамдашсам деген тилектерим бар эле. Азат ата-энесине тааныштырам деп жанымды койбой үйүнө ээчитип барды. Ата-энеси мени мээрим менен тосуп алышты. Жакшы сөздөрдү айтышты. Баары жабылып колумду сурашты. Акыры макулдугумду берип, бактылуу үй-бүлө болуп жашап калдык. Кайната-кайненемдер жакшы адамдар. Аларга абдан ыраазымын. Ата-энемден ала албаган жылуулукту алар толтурду. 

Кош бойлуу болгондо кубанычымда чек жок эле. Бирок ал кубанычым көпкө узабай, боюман түшүп калды. Анан экинчиси да, үчүнчүсү да түшүп калды. Бири кем дүйнө деген ушул экен. Арадан сегиз жылдай убакыт артта калды. Канча дарыланып аракеттенгеним менен эч натыйжа чыкпады. 

 Күйөөм жашыруун түрдө экинчисине үйлөнүп алганын кийин билдим.  Үйдө чоң чыр чыкты. Жаштыгымды ага арнап, ден соолугумдан   ажырадым. Анан минтип ал мени башкага алмаштырды. Биздин, экөөбүздүн көп максаттарыбыз бар эле. Алар кайда калды?.. Мен сүйгөн, мен ишенген адамдын бул кадамынан соң, психикалык дартка чалдыгып калдым, б.а., жинди болуп калдым. Ар бир күнү ар кандай дарыларды ичем...

Ага бала, наристе керек болду. Ата-энеси каршы болгонуна да карабады. Азыр биз бактысыз үч адамбыз. Үстүбүздө үйүбүз жок. Ал да батирде, мен да батирде жашайбыз. Азат  күндөп-түндөп тапкан акчасын батирлерге төлөйт. Ал мага келгенде тигиниси ыйлайт, ага кеткенде мен ыйлайм... Эки жактан экөөбүз жейбиз. Мен кетип калайын дейм, бирок менин бактымды уурдаган аялдын бактылуу болушун каалабайм. Ошентип азаптуу күндөр өтүп жатат... 

Анара Нурбек кызы

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер