Эмне тууралуу ойлонуп жатканыңызды түгөйүңүздөн жашырбаңыз
Үй-бүлөдө мамиле узак жана бекем болуш үчүн психолог Брайан Глисон төмөндөгү кеңештери менен бөлүшкөн.
Биз күнүмдүк жашоодо бири-бирибиздин мамилебиз жөнүндө көп деле сүйлөшпөйбүз. Бул туура эмес. Биз бири-бирибизге болгон сүйүүбүздү, урматыбызды ачык айтуудан эч качан тартынбашыбыз керек.
Мисалы, эртең менен күйөөңүз менен тамактанып жатасыз. Ошол эле учурда сиз жумушуңуздагы жолугушуу боюнча ойлонуп, кыжалат болгонуңуз кандай? Сиз ал тууралуу жолдошуңузга айтпастан эле ичиңизде өзүңүзчө кайнап жатсаңыз, бул туура эмес. Себеби, күйөөңүз сиздин кыжалат болуп ойлонуп жатканыңызды сезбейт. Болгону ал сизди “эмнеге унчукпай жатат?” деп ойлошу мүмкүн. Ошон үчүн сиз ичиңизден эмне тууралуу ойлонуп жатканыңызды жолдошуңуздан эч убакта жашырбаңыз. Анын ордуна сиз ага “мен жумушум боюнча ойлонуп жатам” деп кеп-кеңеш сурап кайрылыңыз.
Демек, бул учурда сиздин унчукпай коюшуңуз жолдошуңуздун тынчсыздануусун күчөтүп, маселени курчутушу мүмкүн. Ошондуктан эмоция, ойлоруңуз менен бөлүшүү – узак мамиле куруунун ачкычы болоруна шек жок.
"Азия Ньюс" гезити