Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сергек жашоо өмүр узартат. Кызыктуу кеңештер...

Сергек жашоо өмүр узартат. Кызыктуу кеңештер...

07-май, 15:06
2 459 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1. Биринчиден, эртең менен абдан эрте ойгонуңуз. Анткени, окумуштуулар эрте уктап, эрте ойгонгон адамдардын өмүрү узун болот экенин мурда эле далилдеп коюшкан. Мындан тышкары, эрте турган адамдардын эмгеги да үзүрлүү болот.
2. Экинчиден эртең мененки тамакты тоюп ичүү алуу керек. Себеби, эртең мененки тамак менен биз бир күнгө кубат жыйнап алабыз. Эки бутерброд менен бир чыны кофе сизге аш болбойт. Эртең мененки тамак жемиштүү ары тоюмдуу болсо, түшкү тамак менен кечки тамакты иш күнүңүзгө карап ичесиз.
3. Эрте менен кичине көнүгүү жасоону унутпаңыз. Таңкы көнүгүү денеңизди чыңдап, уйкуңузду ачат.
4. Тааныштарыңызга да, жөн эле көчөдө кетип бара жаткан адамдарга да жылмайып жүрүңүз. Эч ким сизди “келесоо” 
катары кабыл албайт. Тескерисинче, сизди жылмайып жүргөн жана “жашоосуна ыраазы адам” деп кабыл алышат. Ал эми эркектерге жылмайып жүргөн пайдалуу экен. Себеби, психологтор жылмайып жүргөн жигиттер келишимдүү болбосо дагы, суз сулуу жигиттерге караганда айымдарга көбүрөөк жага турганын далишдешкен.
5. Белокко мол тамактарды көбүрөөк, таттуу менен холестерини бар тамакты азыраак жегенге аракет кылыңыз. Белок эт менен балыкта гана эмес, жемиштер менен жумурткада дагы көп. Мындан тышкары, туздуу тамактарды да аз колдонууга аракет жасаңыз.
6. Тамактанар алдында ач карын бир стакан суу ичүү керек. Көпчүлүк диетологтор сууну көп ичкен адамдардын дарыланууга көп кайрылбайт экендигин айтышат. Мындан улам сууну көп ичүүнүн пайдасы кандай экендигин түшүнүү кыйын эмес.
7. Баардык жаңылыктардан кабардар болуп жүрүүгө аракет кылыңыз. Ал сизге керек болбосо дагы жаңылыктарды билген адам ар дайым жакшы маектеш жана ар бир чөйрөнүн сүйүктүү коногу болот.
8. Күн сайын бир аз убактыңызды өзүңүздүн хоббиңизге арнаңыз. Ал 1-2 саат сизге телевизордон керексиз программа же жарнама көргөндөн алда канча жакшы таасир берет. Эгер хоббиңиз жок болсо, өзүңүзгө жаккан иш таап алып, күндө ошого бир аз убакыт бөлүп турууга аракет кылыңыз.
9. Күн сайын өзүңүздү жакшыртуудан чарчабаңыз. Узак болбосо да күндө китеп окуп туруңуз. Анткени, биз китеп окуп жатып өзүбүздүн дүйнө таануубузду өстүрүп, эсте сактоо жөндөмдүүлүгүбүздү жогорулатабыз.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер