Казакстандык миллиардердин кеңештери


Казакстандык коомдук ишмер, миллиардер, тажрыйбалуу инвестор жана "Кайдзен" системасы боюнча мыкты адис Маргулан Сейсембайдын "Кайдзен" дене трансформациясы:
Тамактануу. Таңкы, түшкү, кечки тамак деген түшүнүктү жок кылыңыз. Тек гана курсагыңыз ачканда тамактаныңыз. Сиз жей турган тамак өлчөмү алаканыңыздын көлөмүндөй гана болушу керек. Тойбой калсаңыз бир саат күтүп, дагы ошончо жеңиз.
Суу режими. Сууну чектөөсүз иче бериңиз. Бул кан менен лимфанын жаңылануусуна шарт түзөт жана тамакты жакшы сиңирүүгө да зарыл болуп эсептелет. Мүмкүн болушунча жылуу сууну кичинекей жутумдарга бөлүп ичиңиз.
Уйку. Уйку мезгилинде организмдеги баардык процесстер нормалдашып, булчуң эттер эс алат. Мүмкүн болушунча туруктуу режим карманыңыз, 8 сааттан кем эмес уктаңыз: 22:00дөн 5:30га чейин жана 30 мүнөт түштөн кийин.
Физикалык оордук. Ар күнү 15000 кадам жөө басууга аракет жасаңыз, мүмкүн болушунча эртең менен. Бул менен сиздин кан айланууңуз жакшырат, лимфалар жаныланат, дене таза абага тоюп, булчуңдар ар дайым сергек болушат.
"Азия Ньюс" гезити











