Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Брокколи аялзаты үчүн өтө пайдалуу азык

Брокколи аялзаты үчүн өтө пайдалуу азык

26-февраль, 21:22
1 383 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аялдын сулуулугу менен ден соолугун сактоодо туура тамактануу чоң роль ойнойт. Ошондуктан күнүмдүк рационуңузга брокколини сөзсүз кошуу керек!

Сулуулук булагы

Брокколи – чачтын жылтыроосун, тырмактын бекемдигин жана теринин жылмакайлыгын сактоого жардам берет. Андагы витаминдер организмди жашартып, энергия берет.

Аялдар үчүн коргоочу күч

Брокколи аялдарда миома, мастопатия, эндометриоз, энелик бездин кисталары сыяктуу көйгөйлөрдүн алдын алууга жана айыктырууга жардам берет. Анын курамындагы пайдалуу заттар гормоналдык тең салмактуулукту сактоого өбөлгө түзөт.

Рактын алдын алуу

Америкалык Рак коому брокколиде күчтүү антиоксиданттар – сульфорафан жана индол-3-карбинол бар экенин белгилейт. Бул заттар организмди зыяндуу заттардан тазалап, кычкылдануу процессин басаңдатат. Ошондой эле эстрогендин деңгээлин жөнгө салып, аялдарда рак ооруларынын пайда болуу коркунучун азайтат.

Энелер үчүн баа жеткис азык

Болочок энелер үчүн брокколи табигый витамин булагы. Анын курамында фолий кислотасы (В9) бар, бул зат түйүлдүктүн нерв түтүгүнүн туура калыптанышына жана плацентанын ден соолугуна оң таасирин тийгизет.    


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер