Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сельдерей витаминге бай, картаюуну жайлатат

Сельдерей витаминге бай, картаюуну жайлатат

18-февраль, 19:15
1 418 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

● Сельдерей элдик медицинада бөйрөктү дарылайт, подагра, ревматизм ооруларына каршы колдонулат.

● Картаюу процессин жайлатуучу касиетке ээ.

● Сельдерейдин жалбырагында В, А, К, Е витаминдери, темир, магний, кальций баш болгон микроэлементтер бар.

● Сельдерейдин курамындагы кальций, темир жана магний кан айланууну жөнгө салып, кан басымды калыбына келтирип, иммундук системанын ишин жакшыртат.

● Кандагы гемоглобиндин деңгээлин жогорулатып, эркектин бел кубатын көтөрүп, простатит оорусунун алдын алат.

● Бирок кош бойлуу айымдарга сунушталбайт жана өз өлчөмүнөн ашыкча колдонгондо зыяндуулугун көрсөтөт.

Кайсы ооруларга даба?

Климакста сельдерейдин уругун колдонуу керек. 1 чай кашык сельдерейдин уругун термоско салып, үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп, 5-6 саат демдеп коюңуз. Эч убакта кайнатпаңыз. Тундурманы 2 аш кашыктан бир күндө төрт маал тамактанарга жарым саат калганда ичип турасыз. Муну 35-40 жаштан ашкан айымдар жылына бир ай ичип турса, климакс кеч болот жана убагы келгенде тез өтүп кетет.

Уйку качып уктай албай жатканда 35 грамм сельдерейдин тамырын бир литр муздак сууга аралаштырып 8 саат коюп коюңуз. Даяр болгон соң дакиден өткөрүп алып, бир күндө бир аш кашыктан үч маал ичиңиз.    


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер