Жакшы сүрөтчүлөр көчүрүшөт, улуу сүрөтчүлөр уурдашат


Искусстводо деле ушундай: кедей байдыкын алса болбойт, бай болсо кедейдикин каалаганынча алса боло берет.
(Карл Краус)
Өлгөн кишилердин буюмун жеткен шүмшук уурулар, анан ити чөп жеген жазуучулар гана уурдашат.
(Остин О’Малли)
Укмуш сөз экен! Кызык, муну кимден уурдадыңыз?
(Джонатан Свифт)
Плагиатор дайыма “менин эмгегимди бирөөлөр уурдап албаса экен” деп коркуп жашайт.
(Сэмюэл Кольридж)
Бир автордун материалын уурдаган – бул плагаиат, көп автордукун уурдаган – бул изилдөө.
(Уильсон Мизнер)
Жакшы сүрөтчүлөр көчүрүшөт, улуу сүрөтчүлөр уурдашат.
(Пабло Пиккасо)
Плагиат – автордун өзүнүн эмгеги канчалык баалуу экенин түшүнүүсүнө жардам берет.
(Александр Исидорович Фюрстенберг)
“Плагиат” деген өтө эле кооз сөз экен. “Уурулук” эле деш керек.
(Лизе Фалб)
Келесоонун эмгегин көчүрүп алуу – плагиаттыктын эн жаманы.
(Генри Миллер)
Кээде адам да башка бир адамдын плагиаты болуп калат.
(Станислав Ежи Лец)
Кээде башыңа ушундай акылдуу ойлор келет, же өзүңдүкү, же башка бирөөнүкү экенин билбейсиң.
(Белгисиз автор)
Сүйүү тууралуу эмне жазсаң да плагиат болуп чыгат.
(Ашот Наданян)
Окумуштуу философия таануучулар аныктап чыгышты, көрсө, быйыркы философтор андан да мурдакы, үңкүр доорунда жашаган философтордун ойлорун уурдап алышкан экен.
(Римма Хафизова)
Кайталап сүйлөгөндүн баары эле тотукуш эмес. Жазгыч тотукуштар да бар.
(Эмил Кроткий)
Өздөрүнүн болбогур ойлорун башкалардыкы катары жазгандар – мына ошолор чыныгы плагиаторлор.
(Арина Забавина)
Арадан эки ай өтүп кетти, эми афоризмди же мен Сократтан уурдаганымды, же Сократ менден уурдаганын аныкташ кыйын.
(Евгеий Ханкин)
Плагиатор – бирөөдөн уурдаган кийимди кийип алып мактанган каратаман.
(Пьер Буаст)
Плагиаттан көчүрүп алуу – “уурунукун уурдоо” дегендей эле кеп.
(Галина Костив)
Плагиатор – азыркы Робин Гуд: ал классиктердин, же көп таанымал эмес авторлордун эмгегин уурдап, колунан такыр эле эчтеке келбегендерге берет.
(Белгисиз автор)
Сени бирөөлөр “плагиат” деп күнөөлөбөсүн (!) десең, сабатсыз бойдон калышың керек.
(Ирина Златаева)
Велосипедди ойлоп тапкан автор эмес, ага биринчи болуп патент алган адам автор.
(Лев Иовлев)
Докторлук диссертация – бул адатта сөөктөрдү бир көрүстөндөн экинчи көрүстөнгө которуп көмүү.
(Френк Доуби)
Плагиаторлор – интеллекттин вампирлери.
(Игорь Красновский)
Бир нерсеңди жоготкуң келсе, аны көрүнөө жерге кой.
(Анастасия Кокс)
Эгер афоризм аябай жакшы болсо, демек ал уурдалган.
(Олег Сергеевич)
Эгер кайсы бир цитатанын автору ким экенин анык билбесең, “Бернард Шоунуку” деп коюш керек.
(Найджел Рис)
Даярдаган Мамат САБЫРОВ
"Азия Ньюс" гезити











