Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күчтүү адамдын эрежелерин биле жүрүңүз

Күчтүү адамдын эрежелерин биле жүрүңүз

29-январь, 20:23
1 498 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

● Коркуудан качпаңыз. Аны талдап, сестенүүнү жөн гана физикалык сезим катары кабыл алыңыз. Биз карыгандан корккон коркунуч бизди өлтүрүшү мүмкүн.

● Өткөндү жандандырып жашабаңыз. Эсиңизде болсун, баарын кайрадан баштоо эч качан кеч эмес. Бирок өзгөрүү үчүн өткөндү коё беришиңиз керек. Өткөндөгү жоготуулар менен ийгиликсиздиктерди көтөрүп жүрбөңүз. Алар өттү. Бүгүнкү күн менен жашап, терс нерселердин баарын артта калтырыңыз. Жашооңузду жаңы негизде куруңуз.

● Өзүңүзгө бооруңуз оорубасын. Бул – энергияны жөн эле текке кетирүү. Өкүнүү жана таарынычтар сизди бир эле оор ойлорго кайра-кайра алып келет. Көп жылдар бою ичте сакталган таарыныч ракка чейин алып келиши мүмкүн. Кимдир бирөө сизди өткөндө капа кылса, азыр өзүңүздү жазалоо – акылсыздык.

● Терс ойлорго байланбаңыз. Жашооңуздагы жакшы нерселер жөнүндө ойлонуңуз жана сүйлөңүз. Ойлоруңузду позитивге буруңуз.

● Ар бир күнгө мүмкүн болушунча ырахат тартуулаган иштерди пландаштырыңыз. Театрга барууга же китеп окууга убакыт табыңыз. Достордун жана туугандардын туулган күндөрүнө аралашып, юбилейлерге, көргөзмөлөргө, башка көңүл ачуучу иш-чараларга катышыңыз. Өзүңүздү зордоп көңүл ачтырбаңыз, жөн гана барыңыз.

● Башкаларга жардам бериңиз, ошондо өзүңүз жеңилдей түшкөнүңүздү сезесиз.

● Кандай абалда болбоңуз, башыңызды бийик көтөрүп, өзүңүздү ийгиликтүү адам катары алып жүрүңүз.

● Эгер сиз чындап эле эрк жана кыйынчылыкты жеңүүгө умтулуу менен куралдансаңыз, ишениңиз, ийгилик көпкө күттүрбөйт. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер