Сенден чоочун сүйүүнүн жыты келип атат...

Кызганыч – бул эң кооптуу курал.
(Нора Робертс)
Кызганыч канчалык күчтүү болсо, сүйүүнүн мүрзөсү ошончолук терең болот.
(Вадим Зеланд)
Кызганыч – бул күлүп аткан душмандардын арасында өзүңдү жалгыз сезүү.
(Элизабет Боуэн)
Бул дүйнөдө кызганычтан өткөн азап болбосо керек деп ойлойм.
(Анатоль Франс)
Бул дүйнөдө үч күчтүү нерсе бар. Алар: көралбастык, кызганыч жана ачуу.
(Себастьян Брант)
Кызганыч жакшылыкка алып барбайт. Эгер сен бирөөнү жакшы көрсөң, аны кемчилиги жана турмуштук позициясы менен кабыл алганга үйрөн, ансыз өз ара мамиле болбойт.
(Деми Ловато)
Кызганыч – бул өзүңө башкаларга караганда да көбүрөөк жамандык кылуу искусствосу.
(Александр Дюма (уулу)
Шайтан периштенин иниси болгон сыяктуу, кызганыч да сүйүүнүн сиңдиси.
(Станислас де Буфлер)
Кызганыч жаш баладай жеңил ойлуу, жапайы жаныбардай чалпоо.
(Николай Алексеевич Некрасов)
Аялыңды кызганууу – аны бактысыз кылуу.
(Кей-Кавус (Унсур Аль-Маали)
Аялдардын кыянатынын пайдасы ушунда – ал эркектерди кызганыч илдетинен айыктырат.
(Жан де Лабрюйер)
Кызганыч – өч алуунун бир формасы
(Бауыржан Карасаев)
Кызганыч оору сыяктуу – кеч киргенде күч алат.
(Поль Лотан)
Кызганыч – бул жек көрүү аралашкан сүйүү.
(Эдуард Эррио)
Ашкере кызганыч өзүмчүлдүккө караганда да көбүрөөк кылмыштарга себепкер болот.
(Вольтер)
Кызганыч – кекирейүүчүлүктүн перзенти, же келесоолуктун кесели.
(Пьер де Бомарше)
Кызганычтан канчалык арылгың келсе, ал ошончолук күч алат.
(Адриано Челентано)
Адам сүйгөн кезде эмес, сүйүктүү болгусу келген кезде кызганат.
(Бенджамин Джонсон)
Эң жөнөкөй сезим – эң күчтүү сезим. Алардын бири – бул кызганыч.
(Эрих Мария Ремарк)
Кызганычтан деле сүйүп калса болот.
(Станислав Ежи Лец)
Кызганыч аз дозада болсо сүйүүнү бекемдейт. Көп болсо кыйратат.
(Эльчин Сафарли)
Сенден чоочун сүйүүнүн жыты келип атат...
(“Күнөөлөр калаасы” тасмасынан)
Өксүк комплекси: аялыңды ар бир эркектен кызгануу. Кекирейүүчүлүк кесели: аялым мени гана сүйөт деп эсептөө.
(Борис Крутиер)
Кызганычтын кучагы өлүмдүкүндөй муздак болот.
(Теодор Драйзер)
Кызганыч эч бир жүйөгө ишенбейт.
(Махатма Ганди)
Көпөлөк гүлдөн “сага башка бирөө да кондубу?” деп сурабайт. Гүл да көпөлөктөн “мага чейин башка гүлдөргө кондуңбу?” деп сурабайт.
(Генрих Гейне)
Кызганыч кээде адамдын мүнөзүн таптакыр өзгөртүп салат.
(Артур Конан Дойл)
Кызганчаак аялдар эң кыянатчыл болушат.
(Кэрол Ботуин)
Кызганчаак жигиттер кийин кайдыгер күйөөгө айланышат.
(Майн Рид)
Акылдуу аял кызганганын сездирбейт.
(Керстин Гир)
Каалаганда жаап койгондой кызганыч суу түтүгүндөгү кран эмес да.
(Эрих Мария Ремарк)
Күйөөлөрү “көзүнө чөп салган” аялдар эмес, күйөөлөрү сүйөрүнө ишенбеген аялдар кызганчаак болушат.
(Марта Кетро)
Кызганганды билбеген киши сүйгөндү да билбейт.
(Анни Серж Голон)
Кызганчаак аял – жырткыч жаныбар.
(Анна Гаврилова)
Кызганыч сүйүүнүн белгиси болушу мүмкүн, бирок эң жексур белгиси.
(Игорь Карпов)
Кызганычтын көзү сокур, досум. Ал көзгө көрүнүп турган нерсеге ишенбей, ойдо жок нерселерди ойлоп табат.
(Александра Маринина)
Кызганчаактын сүйүүсү жек көрүүгө окшош.
(Жан-Батист Мольер)
Мамат Сабыров
"Азия Ньюс" гезити