Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бир күндүк нормалдуу азыктануунун өлчөмү кандай?

Бир күндүк нормалдуу азыктануунун өлчөмү кандай?

16-январь, 12:49
1 047 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адам ар дайым өзүн бир калыпта алып жүрүшү жана оорубашы үчүн эрежелерди туура сактап, ашыкча тамактанбоосу шарт. Муну ден соолукка кам көрүүнүн натыйжасы катары кабыл алалы. 

Эркектер бир күндө канча калория керектеши керек?

Отуруп иштегендер: бул категорияга киргендердин 19-30 жашка чейинкилери сутка ичинде 2400 калория керектейт, ал эми 31-50 жашка чейинкилер 2200 калория, 51 жаштан өйдө курактагылар 2000 калориядан ашпоосу зарыл.

Аялдарга бир күндө канча калория туура келет?

Отуруп иштегендер: 19-25 жашка чейинки курактагылар 2000 болсо, 26-50 жашка чейинкилер 1800, ал эми 51 жаштан өтүп калгандар 1600 калория керектеши керек.

Курамына белок, углевод, майды камтыган азыктар жана аларды сутка ичинде канча кабыл алуу керектиги тууралуу өлчөмү

Белоктор: эт 50 грамм, балык 70 грамм, канаттуунун эти 50 грамм, жумуртка 40 грамм, сүт азыктары 450 грамм, сыр 20 грамм.

Майлар: майларды аралаштырып кабыл алуу зарыл. 1-күнү балык майы болсо, 2-күнү жаңгак майы. Балыктын майы 15-20 грамм, жаңгак майы 6 жаңгак, оливка майы 1,5 же 2 аш кашык, өсүмдүк майы 1,5 же 2 аш кашык.

Углеводдор: жашылчалар 300 грамм (2-3 помидор), жемиштер 360 грамм (2-3 алма). Дан эгиндери 330 грамм же үч кесим нан, картошка 265 грамм, бал 100 грамм.

Адам бир күндө канча белок, углевод жана май керектеши керек?

Эреже боюнча адамдын организми кабыл алган калориянын 10-15 пайызын белок түзөт. Адам салмагы канча болсо бир күндө ошончо грамм белок кабыл алуусу шарт. Мисалы, бир килограмм салмакта бир грамм белок болушу маанилүү. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер