Маңызданып көп сүйлөйбүз, өтө аз сүйөбүз, а жек көрүүбүздүн чеги жок...
Эч ким кокусунан жакшы адам боло албайт.
(Платон)
Чыныгы адам дайыма оор ишке умтулат.
(Отто Шмидт)
Мендеги сен сүйгөн адам мага караганда жакшыраак, мен андай эмесмин. Бирок, сен мени сүй, ошондо мен өзүмө караганда жакшыраак болгонго аракет кылам.
(Михаил Пришвин)
Зыкымды марттык, анткорду берилгендик, ачуулууну момундук, кара ниетти ак көңүлдүк менен жең.
(Индия накылы)
Он беш мүнөт баатыр болгонго караганда, бир жума жакшы адам болгон кыйын.
(Жюль Ренар)
Турмуштун кыйынчылыгына сынбай, кайра чыйралган киши үч эсе бактылуу.
(Жанр Фабр)
Өзүнүн сөзүнөн баш тартпаган адам – чыныгы адам.
(Елена Блаватская)
Жүрөгүң, жандүйнөң болсо, дайыма адам болосуң.
(Дмитрий Фонвизин)
Уяттуу кишинин убадасы милдеттенме болуп калат.
(Байыркы грек накылы)
Өзүнүн каякка барарын билген кишиге дүйнө жол ачып берет.
(Девид Стар Джордан)
Адам өз бактысын башкалар менен канчалык көп бөлүшсө, ошончолук бактылуу болот.
(Дени Дидро)
Адам адилетсиз иштерди жасамак турсун, жасаганды каалабашы да керек.
(Демокрит)
Адамдын акылы берген жоопторуна караганда, берген суроолорунан көбүрөөк билинет.
(Гастон де Левис)
Жеңиш адам эмне жасай аларын көрсөтсө, жеңилүү анын ким экендигин көрсөтөт.
(Чыгыш накылы)
Металл үнүнөн, адам сөзүнөн билинет.
(Бальтасар Грасиан-и-Моралес)
Ушундай кишилер бар: алардын жанына барып, “адам мээси жок да жашаса болобу?” деп сурап ийгиң келип кетет.
(Фаина Раневская)
Ойлонгондо даанышман адам катары ойлон, бирок сүйлөшкөндө адамдардын тилинде сүйлөш.
(Уильям Батлер Йейтс)
Өзү жөнүндө чындыкты уккусу келбеген киши башкалар тууралуу деле чындыкты айта албайт.
(Вирджиния Вулф)
Баары адамдын колунда. Ошон үчүн колду бат-бат жууп туруш керек.
(Станислав Ежи Лец)
Адам да зонтик сыяктуу: жамандыкта ачылат.
(Константин Мелихан)
Акылдуу жана калпычы болгондон көрө, жөнөкөй жана чынчыл болгон артык.
(Софокл)
Биз иттерге боорубуз ооруйт, анткени, алар деле адам сыяктуу да... Бирок, биздин эмнегедир адамдарга боорубуз оорубайт, алар деле ит сыяктуу да...
(“Наруто” мультфильминен)
Эртең менен будильник чырылдабай калганы канча адамдын тагдырын өзөртүп салды.
(Агата Кристи)
Кээде адамды өлтүрүүнүн эң мыкты ыкмасы – анын өз тагдырын өзү тандоосуна мүмкүндүк берип коюш керек.
(Михаил Булгаков)
Көпчүлүктөн бөлүнөм деп атып, көпчүлүктөн бөлүнмөкчү болгон көпчүлүккө туш болосуң.
(Джаред Лето)
Адам өзү жөнүндө айткандан оңтойсузданат. Беткап берсе бүт чындыкты айтып салат.
(Оскар Уайлд)
Өзүңдү табуунун эң жакшы жолу – башкаларга кызмат кылып, өзүңдү жоготуу.
(Махатма Ганди)
Адам эмнени каалаганын билсең, ал ким экенин билесиң.
(Стивен Кинг)
Адамдардын баары калп айтышат, бирок бул али эң коркунучтуусу эмес, эч ким бири-бирин укпайт.
(Альберт Эйнштейн)
Адамга бийлик берип көр, ошондо анын ким экенин билесиң.
(Наполеон I Бонапарт)
Эгер сени жиндиканадан чыгарышкан болсо, бул али “сен айыктың” дегенди билдирбейт. Тек гана сен да башкалар сыяктуу болуп калдың.
(Пауло Коэьо)
Жөнөкөй бир адам болсоң эч ким сени жакшы көргүсү келбейт.
(Антон Чехов)
Мен дайыма башкалар көрбөгөндү көрчүмүн; ал эми башкалар көргөндү мен көрчү эмесмин.
(Сальвадор Дали)
Иттерге адамдай мамиле кылбагыла. Иттерге иттей мамиле кылыш керек. Алар адамга караганда жакшыраак.
(Чарльз Мэнсон)
Дүйнөнү ушундай кылган Кудай эмес, биз адамдар өзүбүз.
(“Хранители” тасмасынан)
Мен аларды жакындан көрдүм. Ачыгын айтайын, ошондон кийин алар тууралуу оюм жакшырып кеткен жок.
(Антуан де Сент-Экзюпери. “Кичинекей ханзада”)
Сенин соккуңа жооп бербеген кишиден сак бол. Ал эч качан сени кечирбейт.
(Бернард Шоу)
Өзүңдөгү адамды сакта.
(Антон Чехов)
Бизде акча бар. Акыл гана жетишпей жатат.
(“Простоквашинодогу кыш” мультфильминен)
Жолдордун баары адамдарга алып барат.
(Антуан де Сент-Экзюпери)
Адамдарга алар мени билишкендей сезилет, а мага болсо алар жаңылып жатышкандай сезилет.
(Майкл Джексон)
Мурда мен адамдардын сөзүн угуп, ишине ишенчү элем. Азыр мен алардын сөзүн угам да ишине карайм.
(Конфуций)
Жакшы адамды көпчүлүк жамандап жаткандардын арасынан издеш керек.
(Лев Толстой)
Кызык эле киши экенсиз! Ушунчалык бактылуу болуп, анан кантип эркиндикте жүрөсүз?
(Илья Ильф)
Маңызданып көп сүйлөйбүз, өтө аз сүйөбүз, жек көрүүбүздүн болсо чеги жок.
(Боб Мурхед)
Эң кыйын кесип – бул адам болуу.
(Хосе Марти)
Адам өзүн канчага бааласа, анын баасы ошончо турат.
(Франсуа Рабле)