Жашыл, кызыл жүзүмдүн ден соолукка кандай пайдасы бар?
Дарыгерлер жүзүмдүн пайдалуу касиеттери жөнүндө айтып беришти. Бул тууралуу "MedicForum" порталы жазууда. Жүзүмдүн данында А, Е жана К витаминдери, ошондой эле табигый майлар бар. Бул заттардын баары клеткаларды бекемдеп жана жашартуучу таасир берет. Бирок, мөмөлөрдү уруктары менен жеш керек, ошондо алар көбүрөөк пайда алып келет.
Мындан тышкары, жүзүм өсүмдүктөрдүн эстрогендердин ресвератол тобунан бир затты камтыйт. Ал кандагы холестериндин деңгээлин жана тамырлардагы сезгенүүнү азайтат.
Жүзүмдө ошондой эле маанилүү фенолдук кошулмалар бар: кофеин кислотасы, кверцетин жана мирецетин. Кээ бир изилдөөлөр боюнча, алар рактын өнүгүшүнөн денени коргойт. Ошол эле учурда жүзүм баардык органдарга пайдалуу таасир этет. Дарыгерлер кара мөмөлөрдү тандоону кеңеш беришет, анткени, аларда антиоксиданттар көп. Сентябрдын башында дарыгерлер жүрөккө пайдалуу тамактарды аташкан. Алардын арасында кургатылган өрүк, төө буурчак, жаңгак, канаттуулар жана балык бар болчу, бирок адистер майлуу эт менен канттан баш тартууну же аларды колдонууну чектөөнү сунушташты.
"Азия Ньюс" гезити