Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адамдын чыныгы мүнөзү арак ичкенде билинет...

Адамдын чыныгы мүнөзү арак ичкенде билинет...

20-ноябрь, 13:30
632 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жумшак бол, бирок ылдый баш болбо, бекем бол, бирок ташбоор болбо.

(Брюс Ли)


Ар бир адам карама-каршылыктардан турат, өзгөчө таланттуу кишилер.

(Теодор Драйзер)


Адамдын чыныгы мүнөзүн ал кантип көңүл ачканынан билсе болот.

(Джошуа Рейнольдс)


Мүнөз – адамдын тагдырын аныктайт.

(Гераклит)


Адамдын чыныгы мүнөзүн ал качан сага начальник болгондо гана билесиң.

(Эрих Мария Ремарк)


Кылык адатка, адат мүнөзгө, мүнөз болсо тагдырга айланат.

(Уильям Теккерей)


Эгер мүнөзүңө туура келсе өзүң үчүн проблема жарат, бирок башкалар үчүн көйгөй жаратпа.

(Джозеф Редьярд Киплинг)


Талант тынчтыкта, ал эми мүнөз болсо жарыктын толкундарында калыптанат.

(Иоганн Вольфганг Гете)


Жумшак, чыдамкай болуш үчүн да бекем мүнөз керек.

(Питер Устинов)


Адамды чырдашкандан кийин гана билесиң. Ошондо гана анын чыныгы мүнөзү көрүнөт.

(Анна Франк)


Сенден жылдын баардык мезгилдерин көрсө болот. Ар биринен бир аздан бар.

(Эльчин Сафарли)


Аялдар көп ойлонбошу керек. Көп ойлонгондо мүнөзү бузулат.

(Александр Вампилов)


Албетте, мен кант эмесмин дечи, бирок силер деле конфет эмессиңер да.

(Валерия Гай Германика)


Мүнөзү жок кишинин мүнөзүнөн өткөн өңсүз нерсе жок бу дүйнөдө.

(Жан де Лабрюйер)


Мүнөз даракка, кадыр-барк болсо анын көлөкөсүнө окшош. Ошондуктан көлөкөгө эмес, даракка кам көрүш керек.

(Авраам Линкольн) 


Акылдуу, бирок мүнөзү күчтүү болбогон кишиге кыйын эле.

(Николя де Шамфор)


Адамдын кандай болору анын улутуна эмес, тарбиясына байланыштуу.

(Гарун Агацарский)


Адамдын мүнөзү менен акылы кандай экенин ал кандай китептерди окуп, кандай досторду тандагынына карап билсе болот.

(Клод Адриан Гельвеций)


Адам өтө жаман да, өтө жакшы да болбойт.

(Никколо Макиавелли) 


Алыстан караганда адамдын баары эле жакшы.

(Еврей накылы)


Мүнөз жалпы жонунан жакшы болсо, анча-мынча кемчиликтери байкалбай деле калат.

(Шарль Луи де Монтескьё)


Жазган чыгармасына карап жазуучунун мүнөзүн билсе болот.

(Деметрий)


Жөндөм  материал, мүнөз – ошол материалды колдоно билүү.

(Симон Львович Соловейчик)


Эгер сенин душмандарың жок болсо, демек, сенин мүнөзүң да жок экен.

(Пол Ньюман)


Мүнөз майда-барат нерселерден билинет.

(Эдуард Бульвер-Литтон)


Жөнөкөй, чабал кишилерди мүнөзүнө, ал эми акылдуу, түнт кишилерди алдына койгон максатына карап билсе болот.

(Френсис Бэкон)


Адамдын чыныгы мүнөзү арак ичкенде билинет...

(Чарли Чаплин)


Оор адам болуу оңой, жеңил болуш кыйын.

(Гилберт Кит Честертон)


Мен “аялдарда мүнөз болбойт” деп айтпас элем, тек, алардын мүнөзү күн сайын өзгөрүп турат.

(Генрих Гейне)


Эркектин мүнөзү кандай экенин анын аялынын ден соолугуна карап билсе болот.

(Сирил Коннолли)


Алтындай мүнөзгө ээ болуш үчүн темирдей чыдам керек.

(Владилен Прудовский)


Эркектердин көбүнүн чыныгы мүнөзү үйүндө билинет.

(Уилки Коллинз)


Шамал сокмоюнча чатырдагы флюгер деле зымпыйып, мүнөз күтүп отурат.

(Станислав Ежи Лец)


Кыздардын мүнөзү жакшы болгону күмөн туудурат.

(Брет Истон Эллис)


Сөзүң менен ишиң бир болуш үчүн күчтүү мүнөз керек.

(Александр Герцен)


Мүнөзү күчтүү адамдын байлыгын тартып алса болот, бирок эрдигин тартып ала албайсың.

(Виктор Гюго)


Жыйырма бир жашка чейин калыптанган мүнөз өмүр бою өзгөрбөйт.

(Френсис Скотт Фицджеральд)


Мүнөз – бул өзүңдү өзүң башкаруу, талант – бул башкаларды башкара билүү.

(Василий Ключевский)


Адамдын мүнөзү – бул дегеле эскирбеген тема.

(Уильям Фолкнер)


Адамдын даражасы канчалык жогору болгон сайын, анын мүнөзүн чектеп турчу алкак ошончолук бекем болууга тийиш.

(Густав Фрайтаг)


Маселе адам айбандан жаралгандыгында эмес, өзгөрбөй, айбан бойдон калгандыгында.

(Александр Беляев)


Адам өзү кандай болсо, чанасы деле ошондой.

(Орус накылы)


Адам мүнөзүнүн калыптанышы бала кезден башталып, өмүр бою уланат.

(Анна Элеонора Рузвельт)


Жигит сага кандай сөйкө белек кылганына карап, ал сени кандай адам деп эсептээрин билсең болот.

(Одри Хепберн)


Жылдар өтүшү менен биздин мүнөзүбүз өзгөрбөйт, биз ар кандай куракта катачылык кетиришибиз мүмкүн.

(Морис Дрюон)


Эркек киши үчүн мүнөзү жок болгондон өткөн трагедия жок.

(Сергей Довлатов)


Үн – мүнөздүн эң ишенимдүү күзгүсү.

(Бенджамин Дизраэли)


Күйөөсү келесоо, аялы жалжаке болсо, алардын балдары кандай болмок эле?

(Эрнест Хемингуэй)


Чочко чочко бойдон калат.

(Армян накылы)


Ар кандай күчүү мүнөздү чабал кылса болот, бирок чабал мүнөздү эч качан күчтүү кыла албайсың.

(Ирина Винер-Усманова)


Мамат Сабыров 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер