Күйөөм “сенден эчак эле көңүлүм калып бүткөн” дейт...
Эч кимге мындай турмуш насип кылбасын. Аябай капа болуп турам. Мындай болуп кетет деп ойлобопмун.
20 жаштамын. Турмушка чыкканыма үч жыл болду. Эрте күйөөгө чыгып алып, турмушту эптей албадым. Ортодо эки балабыз бар. Мүнөзүм катаал болуп, күйөөмө да, кайненеме да жаман көрүнүп бүттүм.
Кечкурун күйөөм экөөбүз урушуп кеттик. Кайненем менен да айтышып кеттим. Палас суу болуп калган экен, жини келип жууп атыптыр. А мен баладан бошобой, жууй элек болчумун. Ошонун айынан айтышып кеттик. Кийин бөлмөгө кирсем, күйөөм “сенден эчак эле көңүлүм калып бүткөн. Балдар үчүн жашап жүрөм” дейт. Анан мага “өз жообуң өзүңдө, жашагың келбесе өзүң чеч” деди. Көңүлү жок болсо жашоонун кереги жокко э? Ошентип мага кайра-кайра “өз жообуң өзүңдө” деди. Анан кайненеме “жооп берип жатат” десем, “ырас болуптур” деп былчыйып отурат. Жаман жиним келип, бетине бир чаптым да, ичине бир тептим. Аябай ачуум келди “ырас болуптур” деген сөзүнө.Турмуш оюнчук эмес го, талак берсе “ырас болуптур” дегидей! Негатив жазышыңыздар мүмкүн, “сыйлабаган келинсиң” деп. Бирок менин ордумда башкасы болсо да ошентмек. Бул биринчи жолкусу эмес. Мындан мурун да 1-2 жолу айткан, кайра нике окутканбыз.
Эми эмне кылышым керек, эжелер? Учурда баарыбыз Москвадабыз. Жашабай кетип калганым жакшыбы? Эми кайненем да, күйөөм да мени кечирбейт го?..
Нурия