Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Беш жаш кичүү балага тийип, “башын айлантып алган” деген жалаа менен жашайм

Беш жаш кичүү балага тийип, “башын айлантып алган” деген жалаа менен жашайм

30-ноябрь, 16:53
3 431 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биз үч жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Жашаганыбызга беш жыл болду, эки уулубуз бар. “Бизде баары сонун” деп айта албайм, себеби, мен жолдошуман беш жаш улуумун. Көп ойлонуп турмушка чыккам, ал “эч нерсени ойлонбо, эч кимди укпа, биз бактылуу болобуз” деген. Бири-бирибизди жактырып түтүн булатканбыз. Бирок, эркекке билинбегени менен аял кишиге оор экен. Абысындар, кайнагамдар, жадагалса туугандарынын майда балдары мага тийиштирип сүйлөшөт. “Ой, окутуп алган” деген жалаалары бар. Беш жылдан бери катуу кыйналып келем. 

Кечээ классташтары менен видео чалуу кылып сүйлөшүп жатышкан. Жаңы жылды чогуу тосолу дешип, анан алар “апаңа бир ооз айт, макул болсо отуралы” деп айтып калышты. “Эй, мамашаңа эмес, жаныңдагы “апаңа” деп каткырышат. Бул сөздөр мага аябай катуу тийди. Күйөөм да күлүп, аларга эч нерсе деген жок. Сөзүн башка темага которо салды. Мен түнү менен ойлонуп, ыйлап чыктым. Ошондуктан, турмуш кура элек кыздарга айтарым, өзүңөрдөн кичүүгө тийбегиле! Кыйналасыңар!

Айсулуу

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер