Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эрим тепкилеп турбаса буулугуп кетем. Молдонун дубасы да өтпөй калды...

Эрим тепкилеп турбаса буулугуп кетем. Молдонун дубасы да өтпөй калды...

23-октябрь, 18:54
3 716 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күйөөм мени алган күнү эле мас болуп алып сабаган. Жаштык кылып көп катачылыктарды кетирдим. 17 жашымда келин босом, азыр 45ке чыктым. Бирок, баары кеч экенин түшүндүм. Мектепти бүтүшкөн эки балам жогорку окуу жайына окуй алышпай, кара жумушта, курулушта иштешет. Күйөөм болсо дагы эле ичет, бир ай таяк жебей калсам, буулуга баштайм. Жинди болдумбуМени ушуга көндүрүп салыптыр. Айылда экөөбүз турабыз. Балдарым ай сайын тыйын берип турушат. Алар да мектепти бүткөнү ушундай жашоодон тажашып, шаарга иштегени кетишкен. Менин мээмди жаш кезимде эрим чайкап койгон окшойт. Башым ооруп турат, кабыргаларым, колу-бутум, сынбаган жерим калган жок. Өзүм да тилимди тартпайм. Өмүр бою үйдө жаңжал, тытышып эле жашап келатам. Бир топ убакытка тепки жебей калсам, буулугуп, жаман боло баштайм. Бул оорубуЖе мен чын эле жинди болуп баратамбыМолдого да үч-төрт жолу баргам. Дуба да өтпөй калгандай сезилет. Эмне кылсам болот?..


Бактыгүл, Балыкчы

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер