Абысыным менен күйөөмдүн кат жазышкандары ойлондура баштады
Мен декретте отурган айыммын. Төрөгөнчө иштеп, жашоом бактылуудай эле сезилчү. Жолдошум менен үй-бүлө курганыбызга беш жыл болуп калды. Экинчи баламды жакында эле көз жардым. Күйөөм, кайын журтум баары Россияда. Мен Кыргызстанда квартирада турам. Менин көйгөйүм күйөөм болуп жатат. Приложение менен вотсабын окуп турам. Бир тууган абысыным менен эзилишип жазышып, тимеле мага айтпаган жылуу сөздөрдү ага айтып, смайликтерди, жүрөктөрдү жөнөтүп отурат. Мен ага “билем, уктум, жөн жүр” десем, “эмнени?” деп калп эле теманы башкага буруп, жазышкандарын өчүрүп коюп жыргап жүрөт. Мен эмне кыларымды билбей калдым. Депрессия болуп баштадым, эч нерсеге кызыгуу жок. Үйдө отура берип чүнчүп да кеттим. Күйөөмдүн абысыным менен жазышкандары ойлондура баштады. Эмнеге жөн жүрүшпөйт? Ушул адамга кор болгон кайран өмүрүм...
Нурай
"Азия Ньюс" гезити