Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ажырашкым келбейт. Күйөөмдүн ойношун жеңгим келет, бирок кантип?

Ажырашкым келбейт. Күйөөмдүн ойношун жеңгим келет, бирок кантип?

07-сентябрь, 15:42
2 414 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Sputnik-Кыргызстан” купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет. "Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет жолдошунун жеңил-желпи жүрүм-туруму жана анын "сүйүктүүсүнүн" кылыктары жанына баткан аялдын каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы! Мен ушундай маселе менен психологго кайрылып калам деп эч ойлогон эмесмин. Өзүм жогорку билимдүүмүн, бирок турмушка чыккандан бери балдар төрөлүп, үйдө отуруп калдым. Үйдөн да иштеп, анча-мынча акча таба коём. Жолдошумдун өзүнө ылайык жакшы кызматы бар. Экөөбүз "Манас" университетинде окуп жүрүп таанышканбыз. Турмуш курганыбызга он жылдан ашты. Төрт баланын ата-энесибиз. Жашоодо бактылуу көз ирмемдер менен кошо кыйынчылыктар көп эле болду. Албетте, аны бирге жеңип келгенибиз менен кээде кыйынчылык аял кишинин керт башына келип калат экен.

Негизи күйөөм ушул он жыл ичинде далай "сюрприздерди" көрсөттү. Бирок дайыма жаштык кылды, же башка нерсе түрткү болуп кеткендир деп көп жерден себеп издеп, сабырдуу болуп келе жатам. Кол шилтеп салган да жокмун. "Үй-бүлөмдү сактайм" деп тырышканым тырышкан. Кээде менин жан үрөгөнүмдөн эле очогум сакталып тургандай сезилет. Күйөөм да буга көнүп алды көрүнөт. Бирок, мен согуш талаасында жүргөн жокмун да... Жөн гана бейкапар жашагым келет. Чарчадым.

Бул жолкусунда, чынын айтсам, аял катары ушунча ызаланып турам. Көрсө, бир жыл мурун жолдошум дагы бир "сүйүктүүсүн" таап алыптыр. Ал кыз Бишкекте министрликтердин биринде иштейт. Турмуштан ажырашкан экен. Мурункулары билинип калганда күйөөм бат эле жоготчу, же көңүлдөшүнө чалып айтып, урушсам тыйылып калышчу. Эми ушундай беттырмаган кызды биринчи көрүшүм. Күйөөм да аны жакшы көрүп калыптыр. Ортодон “ага үйлөнөм" деп да чыкты. Кайнатам "ушул үйдөн чыксаң, менин да үйүмө келбе!" дегенде токтоду. Ишенесизби, аял катары күйөөмдүн тиги кызды унута албай, кадимкидей кыйналганын сезип жаттым.

Ал кыздын жумушуна чейин барып, жетекчисине кол алдындагы кызматкеринин кылыгын айттым. Майнап чыккан жок. Кайра өчөштү окшойт. Кош бойлуу экенин айтып, шантаж кылды. Андан кийин "боюмдан алдырттыңар, эми ден соолугумду чыңдашыңар керек"  деп акча да алды. Жолдошум ага витаминдерди алып берген экен, "анын мөөнөтү өтүп кетиптир" деп чалып, догурунуп жүрдү.

Иши кылып, ар нерсени айтып, ар кайсы телефондон тынчтык бербейт. Ооруса да боюнан алдыртканына шылтайт. Мага жакшынакай сүрөтүн жиберип, "бул көйнөктү Урмат алып берген" деп датасын жазып коёт. Номеримди алмаштыргам, бирок таап алат. Себеби, мен келин болуп келгенимден бери эле мени жек көргөн аталаш кайнежем экөө чогуу иштейт. Булардын максаты үй-бүлөмдү бузуш керек экенин билип, үйдөн уруш чыгарбай, жакшы маанай тартуулаганга аракет кылам. Ажырашкым келбейт. Жеңгим келет. Кантип? Ал кыздын достугундагы туугандарына да социалдык тармактан кат жаздым. Кыскасы, он жыл аралыгында ажырашпай турганыма көзү жетти. Дагы эмне керек буга? Адамдарда ушундай да психология болобу? Кээде туруп, мен өзүмдү басынтып салган жокмунбу? Туура эле кылып жатамбы?” деп ойлоном. Турмушума, өзүмө да психологиялык анализ жасашым керек болуп калды көрүнөт”.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер