Орусияда жүргөн күйөөм бирөөнү таап алганын жүрөгүм сезет...
Бул сүйүүбү же жөн гана жалган сезимби, билбейм. Күйөөм менен бир топ жыл сүйлөшүп турмуш курдум. Бактылуу күндөр өткөнсүдү. Канча жыл бири-бирибизге корголоп жүрүп түтүн булаттык. Бирок бирге өткөргөн үй-бүлөлүк турмуш көпкө созулбады. Көртурмуш бизди алыстатты. Мен кош бойлуу кезде жолдошум Орусияга иштегени кетип калды. Үйдө жалгыз кайнатам менен калдым. Ошол кездери күн өтмөк турсун мүнөт да өтпөй, кыйналып, ар күнү ыйлачумун. Сагынып, кусаланып жалгыздыктан жабыркадым. Өзгөчө кош бойлуу кезиңде жакын адамыңдын жылуу сөздөрүнө муктаж болот экенсиң. Көз жарып, кыздуу болдум.
Күйөөм келип бир айдай жанымда болду. Жылуулугуна жылындым. Кубандым. Кызымдын күлкүсүн бирге эшиттик. Бактылуу болдук. Бирок бул бакыт көпкө созулбай, кайра Орусиясына аттанды. Жылдар өтүп жатты. Акырындап ортобуз суугансып баратты. Канчалаган жоопсуз, дарексиз күндөр...
Биз үйлөнгөндөн бери он жылга жакын убакыт учуп кетти. Же бар үй-бүлө эмес, же жок эмес. Айтор, бизде бир жашоо уланып келди. Башка балалуу да боло албадык. Анын ал жерде жалгыз эместигин, сөзсүз бирөөнү таап, аны менен далай бакыттын күбөсү болуп жүргөнүн жүрөгүм сезет...
Бара-бара көңүл сууп, сүйүүм өчүп барат. Менин абалымды, кабак-кашымды байкаган кайнатам да карыганда кыздарынын төрүндө жүрөт. Биздин ортобузда урагыс, кулагыс чоң дубал пайда болду. Жүрөгүбүз муздай тоңду. Менин тагдырымчы, менин жаштыгымчы?.. Күлгүндөй курак күбүлгөн таажылардай түшүп бүтүп бараткансыйт. Сиңдилерим, силерге сабак болсунчу: жаңы үйлөнөсүңөрбү, же турмуш курганыңарга бир топ жыл болуп калдыбы, айтор, күйөөңөрдүн жанында болгула. Бири-бириңерден узакка алыстабагыла!
Айсалкын Муратова
Aryba.kg